Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Арал айылдык кеңешинин ХХ чакырылышынын 2-сессиясы
2017-жылдын 14-январы № 3
Арал айылдык Кеңешинин 2017- жылга иш-планын бекитүү жөнүндө
Арал айылдык кеңешинин ХХ чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылдык Кенешинин 2017- жылга түзүлгөн иш-планы бекитилсин. (Иш-план тиркелет).
2. Арал айылдык Кенешинин сесияларын иш-план негизинде өткөрүү жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялардын төрагаларына жана жоопту катчыcы Г.Акматовага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мустапакулов |
| Арал айылдык кеңешинин XХ-чакырылышынын кезектеги II- сессиясынын № 3 токтому менен бекитилди. |
Арал айылдык кеңешинин 2017-жылга карата түзүлгөн иш-планы
№ п/п | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучулар |
1. | Арал айылдык кеңешинин 2017- жылга иш-планын түзүү | I квартал | Мустапакулов, туруктуу комиссия менен биргеликте |
2. | Айыл өкмөттүн бюджетин 2016 жылга аткарылышы | I квартал | Ф.Э.Б. башчысы Бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссия |
3 | 2017 жылга жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү жөнүндө | I квартал | Ф.Э.Б. башчысы Бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссия |
4 | Арал айыл өкмөтүнүн 2016-жылга аткарган иштери боюнча отчету | I квартал | Айыл өкмөтү |
5 | Мектеп жана балдар бакчалардын ыссык тамагы жана иштөө тартибин Кароо жөнүндө | II-квартал | Эл чарбасы боюнча туруктуу комиссия |
6. | Мектеп, бала бакчалардын жаңы окуу жылына даярдыктары жөнүндө | Ш-квартал | социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөттүн социалдык бөлүмү |
7 | Салык, соц.фонд, ижара акыларын жыйналышы айыл чарба продукциясынын жылдык жыйынтыгын кароо жөнүндө | 1У-квартал | Бюджет боюнча туруктуу комиссия, Айыл чарба боюнча |
8 | Туруктуу комиссиялардын аткарылган иштерин жыйынтыгы | 1У-квартал | Туруктуу комиссияларын тёрагалары |