Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык кеӊешинин кезектеги 4- сессиясы
2017-жылдын 3-марты № 4/2
Кара-Бүргɵн айылдык кеңешинин 2017-жылга карата иш планын түзүп, бекитүү жɵнүндɵ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттарынын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2017-жылга карата иш планы бекитилсин.
2. Тиркемеде: Депутаттарынын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2017-жылга карата иш планы 1(бир) баракта.
Төрайым | Г.К. Каналиева |
| Кара-Бүргɵн айылдык кеңешинин 03-март 2017-жылдагы №4/2 токтому менен бекитилген |
Кара-Бүргɵн айылдык кеңешинин 2017-жылга карата иш планы.
1-квартал.
Кара-Бүргөн айылдык Кеңешинин 2017-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө.
М.Базаркулов атындагы орто мектебинин окуу, тарбия иштеринин жүргүзүлүшү жана 1-4-класстардын окуучуларына шашке тамагынын берилишинин абалы туурасында мектеп директорунун отчету.
2-квартал.
Маданият жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айылдык маданият үйүнүн башчысынын отчету.
Калктын саламаттыгын жакшыртууда аткарылып жаткан иштердин абалы жөнүндө №4 ҮДТнын башкы эмчи айымынын отчету.
3-квартал.
Жаш өспүрүмдөргө билим. Тарбия берүүдө жүргүзүлүп жаткан иштеридин абалы туурасында «Жамал апа» балдар бакчасынын жетекчиси Г.Кадыкееванын отчету.
Калкты таза суу менен камсыз кылууда аткарылып жаткан иштер жөнүндө « Жениш-Саз» ИСКАКБсынын жетекчисинин отчету.
Калкты пенсия, пособие, ММКы менен камсыз кылууда аткарылып жаткан иштер туурасында байланыш бөлүмүнун башчысы К.Соодонбековдун отчету.
4-квартал.
Жайыттардын инфраструктурасын жакшыртууда аткарылып жаткан иштердин абалы туурасында жайыт комитетинин төрагасынын отчету.
Кара-Бүргөн айылын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө
2017-жыл ичинде аткарылган иштер жана келээрки жылдын программасы жөнүндө айыл өкмөт башчысынын отчету.