Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017- жылдын 26-апрели № 14
2017-жылга Сүлүктү шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасы жөнүндө
Сүлүктү шаарынын мэри Р.Абдыназаровдун 2017-жылга Сүлүктү шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасы жөнүндө билдирүүсүн угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-41-44 беренелеринин негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын мэри Р.Абдыназаровдун 2017-жылга иш аракеттери боюнча билдирүүсү кабыл алынсын
2. 2017-жылга Сүлүктү шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасы бекитилсин.(программа жана иш-чарасы тиркелет)
3. Сүлүктү шаарынын мэри Р.Абдыназаровго:
-2017-жылга Сүлүктү шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын ишке ашыруунун стратегиялык иш-чараларынын аткарылышын камсыз кылуу;
-Кадр мселелерин учурдун талаптарына ылайык жүргүзүлүүсүн камсыз кылуу;
-Көмүр өнөр-жайын өнүктүрүү, экономикалык көрсөткүчтөрду жогорулатуу, жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүну жалпы координациялоо жана көзөмөлдөө;
- инвестиция, таза суу, жол, тарнспорт, коммуникация маселелерин өз убагында чечүүнү камсыз кылуу;
- Билим берүү, маданият, саламатыкты сактоо, жаштар саясаты, адеп жана ыйман жылы багытындагы иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу;
-Бекитилген программанын аткарылышы боюнча маалымат шаардык кеӊешке 2018-жылдын 31-январына чейин берилишин камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сүлүктү шаарынын мэри Р.Абдыназаровго, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча, өнөр жай, транспорт, жол, комуналдык иштер, таза суу, тазалык, экология боюнча, социалдык маселелер, билим беруу, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты, жана спорт боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |
| Сүлүктү шаардык кеңештин 2017-жылдын 26- апрель №14 токтому менен бекитилген |
Сулукту шаарынын жергиликтуу өз алдынча башкаруунун башчысы - мэри
Абдыназаров Рахманберды Эрматовичтин 2017-жылга Сулукту шаарын
социалдык-экономикалык жактан онуктуруу жана калкты социалдык жактан коргоо
ПРОГРАММАСЫ
Кириш сөз.
Кылымдарды карыткан шаарыбыздын кенчилери өндүргөн кара алтыны өз мезгилинде Кыргызстанга гана эмес, жалпы Борбордук Азияга белгилүү болуп келген. Күжүрмөн кенчилерибиздин ак эмгегинин артында шаарыбыз көркүнө чыгып, көп кабаттуу үйлөр, бала-бакчалар, мектептер, жаштар үчүн спорт комплекстер жана шаардын инфраструктурасы өнүгүп, бардык жакшы жетишкендиктерди элдин жыргалчылыгына багытталганы баарыбызга белгилүү.
Учурда Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгондон бери 26 жылдын аралыгында шаарыбыз мурдакы көркүн жоготуп, экономикалык абалы биз ойлогондой деңгээлге жетпей, элдин зээнин кейитип турат.
Шаарда жасай турган жумуштар абдан көп, аларды аткаруу үчүн жалпы коомчулук, эл жана саясий партиялар «бир жакадан баш, бир женден кол» чыгарып, биримдикте, шаарды өнүктүрүүгө бел байлаган, элин ойлогон, элине күйгөн, өз кызыкчылыгын артка таштаган уул-кыздарына мүмкүнчүлүк берүү зарыл деп эсептеймин.
Алдыбызда өнүгүүнүн дагы кыйла татаал жолу турат. Бирок биз муну да басып өтөбүз. Биздин шаар төрт жыл ичи кандай болду? Эмнеге жетиштик? Дагы төрт жылда күчтөнүп, ирденип алабызбы? – деген суроо ар бир адамдын оюнда.
Бизге бул суроого жооп алуу үчүн төмөнкү шарттарды ишке ашыруу зарыл болуп турат:
- Биз мындан да күчтүү болуп, ирденип алуубуз керек;
- Өз күчүбүзгө жана эркибизге ишенүүбуз керек;
-Шаарыбызда эркин, таза жана адилеттүү кам көрүү зарыл.
Себеби, «Биз бардыгыбыз бирге – Кыргызстанбыз!» деген ураан менен улуттук ынтымакты жана биримдикти бекемдөө аркылуу байгерчиликке, өнүгүүгө жетишебиз.
Биздин шаар өзүбүзгө, келечек муунга, өлкөгө керек.