Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги 18-сессиясы
2016-жылдын 17-августу № 18
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2016- жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери жөнүндө
КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктунун 6-бөлүгүнө жана 46-беренесинин 3-пунктуна ылайык Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы С.Паизовдун 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштери жөнүндөгү отчетун угуп талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак- Таш айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында алып барган жана аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын. ( №1 тиркеме тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө“Финансы ,экономика,бюжет ,экономикалык жактан өнүгүунүн болжолдуу багыттары жана инвестиция масалелери”боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага | М. Суранов |
| Тиркеме №1 Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2016-жылдын “17”августундагы № 18 токтомуна тиркеме |
Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө 2016-жылдын 1 жарым жылдыгында аткарылган иштер жөнүндө
МААЛЫМАТ.
1. Кызмат көрсөтүү тармагында:
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн карамагындагы айылдарда элдик жыйындар өткөрүлүп, 2015-жылдын жыйынтыгы чыгарылып,ишкана мекемелердин, айыл тургундарынын жыл ичинде жана келээрки жылдары жергиликтүү жана республикалык денгээлде аткарылуучу маселелер көтөрүлуп, келечек планга жана 201-жыл ичинде аткарылуучу иш-чараларга киргизилди.Жалпы айылдарда көтөрүлгөн маселелер жергиликтүү кенештин сессиясына сунушталып айрым толуктоолор менен иш-чара кабыл алынды.Иш-чаранын негизинде жана кошумча төмөндөгүдөй иш аракеттер аткарылды:
Советтик Армиянын Ооганстандан чыгарылган күнүнүн 27 жылдык мааракесин белгилөө иш-чарасында айыл аймагында жашаган Ооган согушунун алты ардагери районубуздун борборундагы майрамдык салтанатка алынып барылып, айыл өкмөт тарабынан сый-тамактар уюштурулуп,акчалай сыйлыктар таркатылды.
8-март Аялдардын Эл аралык майрамын баатыр энелер жана айыл аймагынын көрүнүктүү аялдар жааматы менен Курбу-Таш ,Түз-Бел айылдарында салтанаттуу белгиленип,сый көргөзүлдү жана лидер айымдар, аялдар кенешинин төрайымы райондук салтанатка жөнөтүлүп,сый көргөзүлдү.
Нооруз элдик майрамы айыл өкмөтүнүн аймагында өткөрүлүп,улуттук даам тамактар жасалып,боз үйлөр тигилип,улуттук оюн-зооктор өткөрүлдү.Нооруз элдик майрамы айыл-айылдарда эле эмес ишкана-мекемелерде,мектеп жамааттарында да өзүнчө белгиленди.
Курбу-Таш айылында демөөрчү У.Калмурзаев тарабынан улуттук күрөш боюнча жыл сайын окуучулар жана жаштар арасында өткөрүлуп туруучу турнир өткөрүлуп, женүүчүлөр байгелүү сыйлыктар менен сыйланышты.
“Акыркы конгуроо” майрамы мектептер тарабынан белгиленип, ага кошумча 10 жыл 20-25-жыл мурунку бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу майрамдары өткөрүлүп мектепке жана мектеп жамаатына ар кандай колдоолорду көрсөтүштү.Ал тургай жаштарга спорттук мелдештер уюштурулуп ,акчалай байгелерди беришти.
Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү “Сары-Таш” таш кенинде бир ишкананы ишке киргизүү планы КРнын Өкмөтү тарабынан коюлуп, натыйжада “Сарыбек Ата” ЖЧКсы ишке берилип,15 жумуш оруну түзүлүп,15 млн сомдон ашык инвестиция тартылып жумушун ийгиликтүү баштады жана улуттук экономиканы чындалышына зор салым кошулуп, мамлекетибиздин казынасына киреше түшүүдө.Ошондой эле таш кенин иштетүүдө “БерекеТаш” ЖЧКасы да өшдүрүш иштерин баштоого 15 млн сомго жакын каражат жумшап ишкананы иштетүү алдында турат. Ишкана ишин баштаса жыйырмага жакын жумуш оруну пайда болот.
Улуу Ата Мекендин согуштун 71 жылдык юбилейине карата атайын иш-чаранын негизинде 9-май Жениш күнү Улуу Ата Мекендик согуштун бир ардагерин жана ооруктун ардагерлерин сыйлоо салтанаты районубуздун борборунда өткөрүлуп, салтанатка согушка барып кайтпай калган аталарыбыздын,эр азаматтарыбыздын, согуштан кийин жергебизге аман келип көзу өткөн аталарыбыздын уул кыздарынын , небере- чеберелеринин катышуусу менен түзүлгөн “Өлбөс полк” аттуу параддык жүрүштө сүрөт,портреттери көтөрүлүп өтүп эскерилди.Ушундай эле саамалык айыл өкмөтүбүздө өткөрүлуп, согуштун жана ооруктун ардагерлерин коштогон биздин улуу муунга таяп калган аксакал аталарыбыз жана энелерибизге сый көрсөтүлүп,сый тамак уюштурулуп, белектер берилди.
Жарандык коргонуу коопсуздугун күчөтүү боюнча 2015-жылдын 17-ноябрындагы болуп өткөн катуу жер титирөөдөн кийин райондук жана областык жарандык коргонуу штабы менен биргеликте бир топ оорчундуу иш аракеттер жүргүзүлдү.Атап айтканда 12 жер титирөөдөн жабыр тарткан үй-бүлөлөргө күндөлүк керектелүүчү азык-түлүк товарлардан тарта отун-суу ж.б. керектелүүчү муктаждыктарына каражаттар бөлүнүп,гуманитардык жардамдар берилди .Ал эми турак жайларын калыбына келтирүү үчүн жардамдар мамлекет тарабынан да, мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан да берилди.Жапа чеккен 12 үй-бүлөөнүн тогузунун турак үйлөрү дубалы тургузулуп ,чатыры жабылуу алдында турат.