Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 3-2
Эл депутаттарынын Найман айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Найман айылдык кеңешинин 2015-жылдын 24-февралындагы № XVIII-5 токтому менен бекитилген регламентин карап чыгып,талкуулап,бул регламентке өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү ой пикирлерди талкуулап, Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айылдык Кеңешинин депутаттарынын 2015-жылдын 24-февралындагы № XVIII-5 токтому менен бекитилген регламенти өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин.(тиркелет)
2. Найман айылдык кеңешинин Регламенти Ош областтык жана Ош шаардык Юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүлгөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Эрматов |
| Депутаттардын Найман айылдык кеңешинин чакырылышынын кезексиз III сессиясынын III-2 токтомуна тиркеме |
Найман айылдык Кенешинин Регламенти
I. Жалпы жоболор.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамына ылайык, кенештердин депутаттарынан турган төрт жылдык мөөнөткө түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
Айылдык кенеш өзүнүн ишин, Кыргыз Республикасынын конституциясынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Өкмөүнүн ченемдик, укуктук актыларынын жана ушул Регламенттин негизинде жүргүзүлөт.
Айылдык Кенеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн компетенциясына таандык болгон ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Өзүнүн мөрү жана штампы болот.
Айылдык Кенештин Регламенти, айылдык Кенештин иштерин уюштуруу тартиптерин белгилейт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин, туруктуу жана мөөнөттөрүнүн тартибин аныктайт.
II. Айылдык Кенештин компетенциясы.
2.1. Айылдык Кенеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 29 жана 29-1 статьяларына ылайык төмөндөгү маселелерди карайт жана токтом кабыл алат.
- Социалдык экономикалык өнүктүрүүнү жана калктын социалдык жактан коргоонун айылдык масштабдагы программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук жүргүзүү;
- Айылдык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышын жана бюджеттен тышкары фонддордун максаттуу пайдаланышы жөнүндө маалыматтарды угуу;
- Кенештин Регламентин кабыл алуу;
- Кенештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана милдеттеринен бошотуу;
- Айылдык Кенештин депутаттарынын жалпы санын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен айылдык кенештин төрагасына ишеним көрсөтпөө;
- Айылдык кенештин төрагасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген буйруктарын жокко чыгаруу;
2.2. Пункттун 4,5 абзацтарында көрсөтүлгөн маселелер боюнча жашыруун добуш берүү бюллетень менен өткөрүлөт. Добуш берүү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулат.