Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 3-4
Найман айыл өкмөтүнүн 2013-2017- жылдарга карата социалдык - экономикалык өнүгүү стратегия планы өзгөртүү жана толуктоолор менен бекитүү
Найман айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү стратегия планы Кыргыз Республикасынын Ош облусунун өкүлчүлүгүнүн, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын жана Найман айыл өкмөтүнүн жарыяланган жылына карата түзүлгөн иш пландарынын негизинде толуктоо жана өзгөртүүлөр менен айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү стратегия планын бекитүү боюнча айылдык кенештин кезексиз III сессиясында угузулду жана кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү стратегия планы тиркемеге ылайык толуктоо жана өзгөртүүлөр менен бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Бекитилген токтом мыйзамдын негизинде аткарылсын.
3. Токтомдун аткарылышы Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаевага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кенешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Эрматов |
| Найман айылдык кеңешинин 2017-жылдын 13-февралындагы № III -4 токтомуна тиркеме |
Ош облусунун Ноокат районундагы Найман айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга өнүгүү стратегиясы
Найман айылы 2017-жыл
Мазмуну:
1. Кириш сөз
2. Найман айыл аймагынын учурдагы абалы
3. Айылдык аймактын паспорту
5. Найман айыл аймагынын 2013-2015- жылдарга өнүгүү программасынын планы
Кириш сөз
Найман айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасы тездетилген экономикалык өcүштү жана социалдык жактан камсыздоочу программа болуп эсептелет.
Программа Найман айылдык жергиликтүү кеңешинин токтомунун негизинде “Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарда туруктуу өнүгүү стратегиясында” камтылган экономикалык өнүгүүсү жана элдин жашоо абалын жакшыртуу боюнча койгон тапшырмаларында белгиленген 12 негизги багытка таянуу менен айыл аймагындагы колдо бар ресурстарга, ж.б. экономикалык потенциалдарга негизделүү менен иштелип чыгылды.
Айыл аймагынын экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыты болуп айыл чарба продукциялары,мал чарбасынан жана өнөр жайдан түшкөн продукция эсептелет.Негизги максаты айыл чарбасында өндүрүлгөн продукциялардын көлөмүн арттыруу максатында айдоо жер аянттарын натыйжалуу пайдалануу менен түшүмдүүлүктү көтөрүүгө, мал чарбачылыгында малдардын башын артырууга эмес, алардын асылдуулугун артырууга, өндүрүлгөн продукцияларынын сапатын дүйнөлүк стандартка ылайыкташтырып кайра иштетүүгө жетишүү болуп эсептелет. Бул тапшырмаларды чечүү үчүн ички потенциалдарды ишке киргизүү менен сырткы жана ички инвестицияларды тартуу, айыл чарба продукцияларды кайра иштетүүчү ишканаларды көбөйтүү аркылуу ар түрдүү багыттагы айыл чарба кооперативдерди уюштуруу жолу менен чечүүгө багытталат.
Ал эми, экинчи негизги багыт болуп эсептелген өнөр жайында болсо токтоп турган ишканаларды кайра иштетүү, кошумча жаны өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү менен тоо кен тармагындагы айылдын болгон мүмкүнчүлүктөрүнөн кенири пайдалануу максатында сырткы жана ички инвестицияларды тартууга негизги күч багытталмакчы. Бул багытта, алдынкы технологиялар менен камсыздалган жаны ишканаларды курууга өзгөчө көнүл бурулмакчы. Калктын өнөр жай тармагында аракеттенген ишкерлерге да ар тараптан колдоо көрсөтүү жагы айыл өкмөттүн негизги милдетеринин бири болуп калмакчы.
Социалдык тармакта 2017-жылга чейин калкты социалдык жактан коргоо боюнча түзүлгөн стратегиялык пландардын негизинде иштер жүргүзүлөт. Бул багытта биринчи кезекте калкты жумуш менен камсыз кылуу үчүн жаны жумушчу орундарды түзүүгө, айыл өкмөттүн аймагындагы жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо, мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин базаларын чындоого ар тараптан чечкиндүү чараларды көрүү менен билим берүүнүн сапатын жакшыртууга, аларга кесиптик багыт берүүгө, саламаттыкты сактоо тармагында калктын ден соолугун чындоодо саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишин жакшыртууга өзгөчө көнүл бурулат. Өзгөчө билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарына керектүү адистер менен камсыздоо үчүн жогорку окуу жайлары менен тыгыз байланышта иш алып барылат.
Ошондой эле, айыл өкмөттүн инфраструктураны жакшыртуу менен калкты байланыш кызматы менен тейлөөнү, ички жолдорду ондоо жана транспорт катнаштарын жакшыртуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо багытында натыйжалуу иш аракеттер көрүлмөкчү.Жогорудагы белгиленгендердин негизинде Найман айыл өкмөтүндө 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын турмушка ашыруунун башкы багыттары болуп: