Редакцияот 22.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Таш айылдык кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги 4- сессиясы

 

2017-жылдын 22-февралы № 4/2

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыгын бекитүү жөнүндө

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыгын иштелип чыгылган долбоор тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2017-жылга Кара-Таш айыл окмотунун айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 697,8 (алты жүз токсон жети миң сегиз жүз)сомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор жүргүзүлсүн.

2. 2016-жылга айылдык бюджетине 1-январга калган калдыктын эсебинин чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн жыл башындагы бекитилген суммага 2016-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыкты кошуп каржылануусун айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчыларына милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кара- Таш айылдык Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Джаныбаев

 

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыгынын эсебинен 2017-жылга айылдык бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө №1 тиркеме

1

01.01.2017-жылга эсептик счетунда калган калдык

697,8

2

Кирешелердин жыйынтыгы:

697,8

3

Р-70111 аткаруу жана мыйзам чыгаруучу органдар

197,9

4

Р-70491 башка категорияларга таандык болбогон экономикалык маселелер

280,5

5

Р-70629 Дагы башка турак жай жана коммуналдык кызмат корсотуулор

107,0

6

Р-70823 маданият жагындагы кызмат көрсөтүүлөр

29,9

 

Р-70921 Орто билим беруу

82,5

7

Чыгашалар жыйынтыгы:

697,8

Жооптуу катчысы

А. Орунбаева