Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-январы № 1/2
Жошолу айылдык Кеңешинин регламентин кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депуттарын шайлоо жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин статусу жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана Жоболоруна каршы келбегендей регламентти талкуулоонун негизинде Жошолу айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айылдык Кенешинин регламенти кабыл алынсын. (регламент толук тиркелет).
2. Бул регламенттин так, мыйзамдуу аткарылышын камсыздоо бардык депутаттардын жана туруктуу комиссиялардын милдети экендиги белгиленсин.
3. Бул регламентти Юстиция министрлигинин мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош облустук Юстиция башкармалыгына берүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы А.Абдиевага тапшырылсын.
4. Ушул токтомду аткаруу жагы айылдык кеңештин депутаттарына , ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына калтырылсын.
Төрага | М. Шамшиев |
| Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын I заседаниесинин 2017-жылдын 6-январындагы № 1/2 токтому менен бекитилген |
2017-жылдын 6-январындагы Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын I заседаниесинин № 1/2 токтому менен Жошолу айыл өкмөтүнүн кеңешинин регламентинин редакциясы
Жошолу айылдык кеңешинин типтүү регламенти
I БӨЛҮК Айылдык кеңештин негизги иштери
1-Глава Жалпы жоболор
2-Глава Айылдык кеңештин компетенциясы
3-глава. Айылдык кеңештин төрагасы жана аны шайлоонун тартиби.
4- глава. Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары.
5-глава. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары
6- глава. Айылдык кеңештин төрагасынын жана айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу:
7-глава. Айылдык кеңештин катчысы.
8-глава. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары.
9-глава. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары.
10-глава. Туруктуу комиссиялардын жыйындары.
11- глава. Туруктуу комиссиялардын кошмо жыйындары.
12- глава. Убактылуу комиссия.