Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-марты № 7/3-7
Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарынын Депутаттык Этика Кодекси жөнүндө
Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарынын Депутаттык Этика Кодексинин долбоору боюнча Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, 7-чакырылыштагы Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарынын III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаар аймагынын Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарынын Депутаттык Этика Кодекси № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин . ( тиркелет)
Төрага | К. Уметов |
| №1- тиркеме Шаардык кеңештин 16.03.2017-жылдагы III сессиясынын № 7 /3-7 токтому менен бекитилди |
Депутаттык этика
Ушул Депутаттык Этика Кодекси (мындан ары - Кодекс) - коомго татыктуу кызмат кылуу, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн натыйжалуу токтомдорду чыгаруу ишин уюштуруу, кызыкчылыктардын мүмкүн болуучу кагылыштарына, кыянатчылыктарга жана коррупцияга жол бербөө максатында Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттары (мындан ары - депутаттар) тарабынан ыктыярдуу кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин жана этикалык нормаларды сактоо милдеттенмеси.
1.1. Кодекс жарандардын шаардык кеңешке болгон ишениминин өсүшүнө жана депутаттардын ишине керектүү маданияттын калыптанышына көмөк көрсөтүүчү депутат сактоого тийиш жүрүм-турум стандарттарын (нормаларын) белгилөөчү документ болуп эсептелет.
1.2. Депутат өзүнүн ишинде Кара-Көл шаарынын кызыкчылыктарын коргоого, Конституцияны, " Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамды, шаардык кеңештин Регламентин, Кыргыз Республикасынын дагы башка нормативдик укуктук актыларын жана ушул Кодексти сактоого тийиш.
1.3. Депутаттын ишмердиги азыркы жана келечек муундар алдында өз шаар аймагына болгон жоопкерчилигинен келип, Кара-Көл шаарынын бакубаттыгына жана гүлдөп, өсүшүнө жетишүүгө багытталышы керек.
1.4. Депутат өзүнүн кадыр-баркына, ошондой эле шаардык кеңештин кадыр-баркына жана жалпы эле шаарга, мамлекетке залака келтириши мүмкүн болгон ар кандай иштен жана жосундардан карманууга тийиш.
1.5. Депутат башка депутаттардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын сыйлоого тийиш. Башка депутаттын ар-намысына жана кадыр-баркына залал келтирүүчү, ошондой эле кемсинтүүчү формадагы кеп-сөздү айтууга жол берилбейт.
2-глава Шаардык кеңештин, депутаттык фракциялардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарындагы депутаттык этиканын эрежелери
2.1. Депутаттардын өз ара мамилелери тең укуктуу негизде түзүлөт. Ар бир депутат башка депутаттарга алардын саясий таандыгына карабастан калыс мамиле жасоого милдеттүү. Депутаттар өзүнүн ишин каралып жаткан маселелер боюнча эркин коллективдүү талкуулоо жана чечимдерди кабыл алуу, ой-пикирлердин көп түрдүүлүгүнө сый мамиле кылуу, кагылыштарга жол бербөө, талкуулоо жолу менен депутаттар арасында талаш-тартышты чечүүнүн жолун издөө принциптеринде курушу керек. Депутат өзүнүн көз карашын коркутуу, ультиматум коюу, дагы башка ушул сыяктуу иш-аракеттер менен таңуулай албайт.
2.2. Депутат шаардык кеңештин сессияларына, өзү мүчө болгон депутаттык фракциялардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындарына катышууга милдеттүү. Депутаттын жыйындарда болбой калышына жүйөлүү себептер боюнча гана жол берилет, бул учурда депутат шаардык кеңештин Регламентинде каралган тартипке ылайык иш жүргүзүүгө милдеттүү.
2.3. Депутат шаардык кеңештин чечимдери менен тапшырмаларын адилет аткарууга милдеттүү. Депутат шаардык кеңештин Регламентинин жана " Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамдын талаптарын аткарууга милдеттүү. Жыйналыштарды үзгүлтүккө учуратууга багытталган депутаттардын жеке жана жамааттык аракеттерине: жүйөсүз себептер боюнча жыйындар залылан чыгып кетишине; төрагалык кылуучу сөз бермейинче чыгып сүйлөшүнө; талкууланып жаткан маселеден тышкары сөз сүйлөөгө; сүйлөп жаткандардын сөзүн кыйкырып үзгүлтүккө учуратууга; жыйында төрагалык кылуучу тарабынан сөз берилгендерге тоскоолдук кылышына; депутаттардын сүйлөгөн сөздөрүн чечмелөөгө, ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына шайкеш келбеген дагы башка иш-аракеттерди жасоого жол берилбейт.
2.4. Шаардык кеңештин, депутаттык фракциялардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындарында катышууда депутат жыйынга төрагалык кылып жаткан адамга, жыйынга катышып отурган башка депутаттарга жана адамдарга кичи пейил, сылык-сыпаа жана сый мамиле көрсөтүшү керек. Депутат өзүнүн сөзүндө орой, кемсинтүүчү сөздөрдү колдонбошу, одоно сөздөрдү айтпашы, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз күнөө коюуга, билип туруп жалган маалыматты пайдаланууга, мыйзамсыз иш-аракетке чакырууга жол бербеши керек.