Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 1
Масы айылдык кеңешинин регламентин бекитүү
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине таянып, жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан регламенттин долбоорун талкуулап, жумушчу топтун мүчөсү Э.Магамакуловдун маалыматтарын угуп, талкуулап, Масы айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги II сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылдык кеңешинин регламенти кабыл алынсын (тиркелет).
2. Төмөнкү күчүн жоготту деп табылсын:
2015- жылдын 04-февралындагы “Масы айылдык кеңешинин регламентин кабыл алуу жөнүндө “Масы айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз сессиясынын 2-токтому.
3. Ушул токтом тиркемеси менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Бул токтом тиркемеси менен расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жөнөтүлсүн.
4. Жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Масы айыл аймагынын жооптуу катчысы А.Саитовага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Масы айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча туруктуу комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |
| Масы айылдык кенешинин 25.01.2017-жылдагы XXVII чакырылышынын кезектеги сессиясынын № 1 - токтому менен бекитилген |
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ
Бул Регламент айылдык кеңештин депутаттарынын ишмердигин жөнгө салган “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук акттарынын негизинде иштелип чыккан жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт.
I БӨЛҮМ.
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИНИН НЕГИЗДЕРИ
1- глава Жалпы жоболор
1.1. Масы айылдык кеңеш (мындан ары – айылдык кеңеш) – жашыруун добуш берүүдө жалпы тең жана тике шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө шайланган 31 депутаттан турган, өзүнүн ишин коллегиялык негизде жүргүзгөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Айыл өкмөтү айыл аймагында аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат, айылдык кенештин чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Регламент менен билгиленген тартипте айылдык кенештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укутарын жүзөгө ашырууга жана шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоого жана өткөрүүгө милдетүү түрдө көмөк көрсөтөт.
1.3. Сессиялар, туруктуу (убактылуу) комиссиялар, ошондой эле шайлоочулар менен иштешүү айылдык кенештин айылдык кенештин ишинин негизги уюштуруучулук-укутук түрү болуп саналат.
1.4. Айылдык кеңештин иши мыйзамдуулуктун, коллегиялуулуктун, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алуунун эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.
2-глава. Айылдык кеңештин компетенциясына кирген маселелер
2.1. Айылдык Кенеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Регламент менен белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде өз алдынча маселелерди кароого жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
2.2. Айылдык кенештин сессияларында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31 беренсинде белгиленген ыйгарым укуктарды кошпогондо, төмөндөгү маселелер чечилет.
1) айылдык кеңеш жөнүндө Жобону бекитүү;
2) айылдык кеңештин жылдык иш планын бекитүү;
3) айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү;