Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 6
Масы айыл аймагынын 2017-2019-жылдарга карата Өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл аймагынын 2017-2019-жылдарга карата Өнүктүрүү стратегиясы бекитилсин. (тиркеме тиркелет.)
2. Масы айыл аймагынын 2017-2019-жылдарга карата Өнүктүрүү стратегиясы үчүн 2017-2019-жылдарга Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын кароо Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |
| Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылдык кеңешинин сессиясында бекитилген Масы айылдык Кеңешинин төрагасы ________________А.Э. Нарматов «__»___________2017-ж. |
2017 - жылдан тартып 2019- жылга чейинки мезгилде жергиликтүү аймактын социалдык - экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүүнүн стратегиясы жана инвестициялык планы
Масы айылдык Кеңеши
Ноокен району
Жалал-Абад облусу
Ушул документ Масы айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобу тарабынан айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчысы,айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдардын, жамааттык топтордун өкүлдөрү менен биргеликте иштелип чыгып, ар бир айылда өткөн жыйындарда талкууланып, жактырылып, Масы айылдык Кеңешинин сессиясында бекитилген.
ӨНҮГYYНYН КӨРYНYШY
1.1. Киришүү
2017-2019-жылга карата Масы айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиясы айыл аймагынын, райондун жана республикабыздын аймагында иш алып барышкан айрым өкмөттүк эмес уюмдардын, коомдук уюмдардын, жамааттык топтордун, айылдык Кеңештин, жеригиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана коомчулуктун өкүлдөрү катышкан атайын жумушчу топ тарабынан айылыбыздын калкынын жашоо турмушун жакшыртуу боюнча топтолгон тажрыйбаларына таянып иштелип чыкты. Масы айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиясы (мында ары карай Программа же Стратегиялык план деп да аташат) аймактагы бардык 5 (беш) айылда өткөрүлгөн жалпы жыйындарда, айылдардын жана айыл өкмөттүн деңгээлинде өткөрүлгөн тегерек столдордо, жеке жарандар жана жарандык топтор, эмгек коллективдери менен уюштурулган ар кандай форматтагы жолугушууларда, кеңешмелерде кеңири талкууланып, маселелер аныкталып, приоритеттүү, артыкчылыктуу делген проблемалар тандалып алынгандан кийин жалпылаштырылып,, жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын сынына коюлуп, сессияда жактырылып, алардын сунуштары эске алынуу менен топтоштурулду.
Программа шарты боюнча негизинен айыл чарбасы, мал чарбасы, чакан жана орто ишкердик менен алектенген Ош-Бишкек жолунун жээгинде жайгашкан айылдардагы көп улуттуу Масы айыл аймагынын кайратман калкынын турмушунун деңгээлин көтөрүүгө, жашоо шартын жакшыртууга, аң-сезимдин жогорку чектерине жеткирүүгө, маданий жана руханий жактан асыл сапаттарга ээ болууга үндөөгө, бул калыс ниеттерди ишке ашырууга калктын өзүн толук мобилизациялоо аркылуу жетишүүгө багытталган. Анткени, акылман улуу элибиздин калган даана сөз бар “ Ырыс алды ынтымак” бүгүн социалдык мобилизациялоонун зарылдыгын учурдагы экономикалык абал, жада калса өзгөрмөлүү саясий кырдаал да толук шарттады.
Стратегиялык планда натыйжалуу эмгек, кирешелүү акыбет аркылуу жеке личносттун татыктуу жашоосун камсыз кылуу максаты коюлууда. Албетте акыркы мезгилдердеги элибиздин базар экономикасына таламдашкан интеллектуалынын жогору тепкичтерге улам-улам жогорулоосу, модерндешкен рынок шарттарын кабылдоосунун акырындап калыптанышы толук түрдө калкыбыздын жашоо-тиричилигинин оңолушүна жана жакшы жашоо нугуна жетишүүсүнө алып келээри айкын болуп калды.
Масы айыл аймагынын социалдык-экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүүнүн стратегиясын жана инвестициялык планын аймагыбыздагы регулярдуу онүгүүнү камсыз кылуунун тепкич-тепкич болуп, өргө карай жылуунун аракети катары бааласак болот. Башкача айтканда коомчулуктун этап-этабы менен өнүгүүсүнүн башаты-ушул план болуп эсептелет. Бул планды турмушка ашырууда атайын көп тармактуу иш-чаралардын матрицалары кабыл алынып, алардын аткарылышы тийиштүү структуралар аркылуу толук түрдө көзөмөлгө алганда гана максатка жетүүгө болот. Планда камтылган приоритеттүү проблемалар айылдарда өткөрүлгөн жыйындарда талкууланып жана тастыкталып, топтоштурулуп, сессияда дал ушул Программаны аткарылышын камсыз кылуу боюнча комиссиянын курамдары түзүлдү. Ал эми айылдык Кеңеш атайын токтом менен депутаттык жумушчу топтун курамын бекитти.