Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 9
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын Ноокен райондук бөлүмү (мамлекеттик ыйгарым укук берген орган) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аткаруу бийлиги болуп эсептелген Масы айыл өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11 апрелиндеги № 202-Жобосунун талаптарына ылайык:
-ыктыярдуу патент жана милдетүү патенттин негизинде салык жыйноо;
-1,2,3, жана 4- группадагы мүлккө болгон салыкты жыйноо;
-жер салыгын жыйноо;
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын Ноокен райондук бөлүмү жана Масы айыл өкмөтүнүн администрациясынын ортосундагы түзүлүүчү айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча типтүү келишим бекитилсин. (келишимдин нускасы тиркелет.)
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |
________20___-ж № _____ МСКБ Ноокен районунун буйругу
| ____________20___-ж №_____ Масы айыл өкмөтүнүн буйругу менен бекитилди | ________________20___-ж. №_____________Масы айыл кеңеши менен макулдашылды |
Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө № _____келишим.
1. Келишимдеги тараптар
1.1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын Ноокен району боюнча башкармалыгы__________________________________________________________(ыйгарым укуктарды өткөрүп берген мамлекеттик органдын толук аталышы)
Мындан ары “аймактык салык органы” деп аталган тараптан начальниги____Майрамбеков Суюнбек Абдыганиевич_______________________________________,( аты-жөнү)
2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде биринчи тараптан Ноокен районундагы Масы айыл өкмөтү_________________________________________
(ЖӨБ аткаруу органынын толук аталышы ) жана мындан ары “ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы” экинчи тараптан _Эшенкулов Жаныбек Турдумаматович___________________________________________( аты- жөнү фамилия, )
2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жобонун, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин, Кыргыз Республикасынынадминстративдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “ЖӨБ органдарына айрым мамлекеттик укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы № 145 токтому менен бекитилген салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндөгү Типтүү жобонун 10-бөлүмүнүн 10.1 пунктуна ылайык төмөндөгү келишимди түзүштү:
2. Келишимдин предмети
2.1 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын Ноокен району боюнча башкармалыгы
Төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берет:
___Масы айыл өкмөтү_____________________________________________________
(ЖӨБ органынын толук аталышы)
1) ыктыярдуу жана милдеттүү патенттердин негизинде салык жыйноо
2) 1.2.3 жана 4 топтогу мүлк салыгын жыйноо
3) жер салыгын жыйноо