Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-марты № 20/3-27
Узун-Кыр айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Чуй облусу Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын айылдардын чогулушунда талкуулап, жергиликтүү жамааттын, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын көнүлгө алып, Узун-Кыр айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын социалдык суроолор, мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча корутундусун угуп жана талкуулап. ошондой эле "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 31-беренесинин 8-пунктунун 2-бөлүмүнүн негизинде, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2. Бул токтомду жана Узун-Кыр айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалык мамилелер иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду Узун-Кыр айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын тиркөө менен Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек аймактык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айылдык кеңешинин социалдык суроолор. мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |
| Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2017-жылдын 22 мартында № 20/III-27 токтому менен бекитилген |
Чуй облусунун Иссык-Ата районунун Узун-Кыр айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын
I. Жалпы жоболор
II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана
жергиликтүү маанидеги маселелер
III. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну
жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
IV. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди
чечүүгө катышуусу
V. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
VI. Корутунду жоболор
I. Жалпы жоболор
1. Жалпы жоболор
1.1.Узун-Кыр айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы – жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондоа жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартирбин кароочу акт болуп саналат.
1.2. Ушул Устав Узун-Кыр айыл аймагында колдонулат жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар,ошондой эле жеке жактар, анын ичинде айыл аймагында туруктуу жана убактылуу жашаган адамдар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер