Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-октябры № 30/3
Исфана шаардык Кеңешинин «Ардак Грамотасы» жөнүндөгү Жобону бекитүү
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 7-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кеңешинин «Ардак Грамотасы» жөнүндөгү Жобо бекитилсин (Жобо тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон откорулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gomsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Максутов |
| Исфана шаардык Кенешинин IV чакырылышынын 2016-жылдын 26-октябрындагы кезектеги XXX сессиясынын №30/3 токтомуна тиркеме. |
Исфана шаардык Кеңешинин “Ардак Грамотасы” жөнүндө
1. Исфана шаардык Кеңешинин Ардак Грамотасы (мындан ары – Ардак Грамота) жарандарга, жамааттарга, менчигинин түрүнө карабастан, мекемелерге жана уюмдарга, коомдук уюмдарга жана башка жарандык бирикмелерге шаардын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнө, аны жакшыртууга, кошкон салымы, жергиликтүү жамааттын алдында сиңирген эмгеги жана башка сиңирген эмгектери үчүн берилүүчү, Исфана шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун сыйлыгы болуп эсептелет.
2. Исфана шаардык Кеңешинин Ардак Грамотасы менен сыйлоо боюнча тузулгон комиссия курамы шаардык Кенештин торагасынын буйругу менен бекитилет.
3. Комиссия өзүнүн отурумдарында Ардак Грамота менен сыйлоо жарыялоо жөнүндө сунуштамаларды, ошондой эле өзүнүн ишмердүүлүгүн уюштуруучу маселелерди карайт.
4. Туура эмес жана тыкан эмес даярдалган сунуштамалар комиссияда каралбайт жана кайра иштелмелеп чыгууга жөнөтүлөт.
5. Ардак Грамоталарды берүүнү жарыялоо майрамдык иш-чараларга жана эскерүү күндөрүнө, юбилейлерге жана башка даталарга карата берилиши мүмкүн.
6. Жеке жана юридикалык жактарды Ардак Грамота менен сыйлоого сунуштамалар Исфана шаардык Кеңешинин төрагасынын наамына төмөнкүлөр тарабынан киргизилет:
- мамлекеттик бийлик органдары жана башкармалыктар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- мекемелер жана уюмдар, менчигинин түрүнө карабастан;
- расмий каттоодон өткөн коомдук уюмдар жана жарандык биримдиктер.
7. Ардак Грамота менен сыйлоо үчүн, сыйлануучуга ушул Жобого тиркелген № 1 формасы боюнча жетишкендиктери жана ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат камтыган сунуштама негиз болуп эсептелет.
8. Ардак Грамота менен сыйлоого сунушталган жактар үчүн төмөндөгү талаптар коюлат:
- сыйлоо жөнүндө өтүнмө, анын негиздери көрсөтүлүшү менен;
- айкын жетишкендиктерин жана шаар алдында эмгегин көрсөтүү менен, сунушталып жатканга жаранга кыскача мүнөздөмө;
- кесиптик майрам же маанилүү дата учурунда эмгек стажы кесиби боюнча 3 жылдан кем эмес болуусу;