Редакцияот 04.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеңешинин 16-чакырылышынын 4-кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 4-августу № 1

Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 40.07.2016-жылдагы № 1053 сандуу катын жетекчиликке жана аткарууга алуу менен катта көрсөтүлгөн 2016-жылдын күз айларында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата участкалык шайлоо комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө айылдык Кеңештин төрагасы К.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү №4009 Кара-Суу, №4010 Супа-Булак жана № 4165 Дыйкан участкалык шайлоо комиссияларынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин. (№1 тиркеме тиркелет)

2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн каттоосунан өткөрүлүп, айыл аймагынын karasuu.org.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жиберүү жагы жооптуу катчы К.Молдажиевага тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы К.Уметовго жүктөлсүн.

 

Төрага

К. Иманкулов

 

УШК Кара-Суу №4009

Нуркасымов Бакыт

Акматова Айнек

Жапышова Айсалкын

Көлбаева Калича

Жапарова Болду

Жакеева Айгерим

Кожониязова Асель

Медетбек кызы Альбина

Арзыматов Алмазбек

Жакыпова Гүлзат

Жакеев Мукаш

Нарынбай кызы Перизат

Арзыматова Кымбат

Азарматова Айнагүл.