Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 72
Зергер айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставын өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 37.7-1-беренесине ылайык жана Зергер айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүнү талкуулап жана угуп Зергер айылдык кеңешинин бешинчи чакырылыштагы кезексиз он бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин. (тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы реглмент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джанибековго) тапшырылсын.
Төрага | Т. Ибраимов |
| Зергер айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 2015-жылдын 19-мартындагы №72 токтому менен бекитилген |
Зергер айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын
Жалпы жоболор
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
Корутунду жоболор
Жалпы жоболор
1.Жалпы жоболор
1.1. Зергер айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы -жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу,жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондоа жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартирбин кароочу акт болуп саналат.
1.2. Ушул Устав Зергер айыл аймагында колдонулат жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
жергиликтүү маанидеги маселелер–жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, айыл аймагынын калкынын жашоо-турмушун түздөн түз камсыз кылуунун маселелери;
өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар –мыйзамдын же келишимдин негизинде аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар;