Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-январы № 2
Сүлүктү шаардык кеңешинин (алтынчы чакырылышы) регламентин кабыл алуу жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнүн 11)–бөлүкчөсүнө жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде, Сүлүктү шаардык кеңешинин (алтынчы чакырылышы) регламентинин долбоорун талкуулоодо депутаттар тарабынан берилген сын–сунуштарды эске алып, Сүлүктү шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеңешинин (алтынчы чакырылышы) регламенти бекитилсин (регламент тиркелет).
2. Шаардык кеӊештин ишин бекитилген регламентке ылайык жүргүзүлүүсүн камсыз кылуу жагы шаардык кенештин төрагасына жүктөлсүн
Төрага | Б. Абдраимов |
| ТИРКЕМЕ №1 Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2017-жылдын 6-январындагы №2 токтому менен бекитилген |
Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңешинин
РЕГЛАМЕНТИ
I БӨЛYM. Жалпы жоболор
1-глава. Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңеши (мындан ары шаардык кеӊеш)
2-глава. Шаардык кеңештин компетенциясы
II БӨЛYM. Шаардык кеңешинин түзүмү жана органдары
3-глава. Шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары
4-глава. Шаардык кеңештин жооптуу кызматкерлери
5-глава. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
III БӨЛYM. Депутаттык фракциялар
6-глава. Депутаттык фракциялар жөнүндө жалпы жоболор
7-глава. Депутаттык фракциялардын ишмердүүлүгү
8-глава. Фракциялардын шайлоочулар менен өз ара мамилеси.
Шайлоочулардын суроо-талаптары
IV БӨЛYM. Шаардык кеңештин ишинин жалпы тартиби