Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-апрели № 4
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана Кара-Суу айыл аймагынын айыл окмотунун уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтируу максатында айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө Жобосу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык бекитилсин. (тиркелет)
2. «Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү» КРнын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Уметовго жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо учун тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелуу мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | К. Иманкулов |
| «БЕКИТИЛДИ» Кара-Суу айыл аймагынын Айылдык Кенешинин 2013-жылдын 16-апрелиндеги №4 токтому менен |
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө
Кара-Суу айылы 2013-ж
I.Жалпы жоболор
II. Айыл өкмөтүнүн структурасы
III.Айыл өкмөтүнүн компетенциясы
IV.Айыл өкмөтүнүн негизги функциялары
V. Айыл өкмөтүнүн башчысы
VI.Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары
VII.Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
VIII.Айыл башчысы
IX.Айыл өкмөтүнүнүн финансылык-экономикалык негиздери.
X. Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби.
XI.Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтото туруу.
I.Жалпы жоболор.
1.1. Айыл өкмөтү- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн орган.Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ишке ашыруучу, ошондой эле, аймактын жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү, социалдык- экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүчү орган болуп эсептелинет.