Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-ноябры № 7
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 177-токтомунун негизинде Масы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 04.11. түзүлгөн комиссиянын отурумунун чечимин бекитүү жөнүндө
Масы айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 177-токтомунун ылайык түзүлгөн комиссиянын тең төрагасы Н.Назаровдун Масы айыл өкмөтүнүн тургундарынын көп жылдан бери пайдаланып келген жер тилкелерин бекитип берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 177-токтомунун ылайык түзүлгөн комиссиянын тең төрагасы Н.Назаровдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 177-токтомунун негизинде Масы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 04.11. түзүлгөн комиссиянын отурумунун чечими тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кенешинин айыл, суу чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Оморалиевке жүктөлсүн.
Төрага | С. Арзиев |
| Масы айылдык кеңешинин 2016-жылдын «24» ноябрындагы № 7- токтому менен бекитилди |
Масы айыл өкмөт башчысынын 18. 05. 2016-ж №01-13/63 буйругу менен «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча» түзүлгөн комиссиянын отурумунун №1 протоколу
04.11.2016-ж Масы айылы
Катышкандар:
Комиссиянын тентөрагалары:
Н Назаров-Масы айыл өкмөт башчысынын орун басары.
С Оморалиев-айылдык кеңештин депутаты
Комиссия мүчөлөрү: К Маматов-Масы айыл өкмөтүнүн жер адиси
Д Акматова-Масй айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси
А Саитова-Масы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы
А Нурунбетов-Масы айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар,муниципалдык менчик боюнча адиси.
З Тургунбаев-раймамкаттоонун адиси
А Жамгырчиев-райархитектура адиси
С Оморкулов-Кызыл-Туу айылынын айыл башчысы
А Маматсаев-Богот айылынын айыл башчысы
А Кыргызбаев-Апыртан айылынын айыл башчысы