Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-январы № 6
Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңешинин (алтынчы чакырылышы) регламенти жөнүндө
Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2017-жылдын 6-январындагы I-сессиясында депутаттар тарабынан айтылган сунуштарынын негизинде түзүлгөн шаардык кеӊештин регламентин редакциялоо боюнча жумушчу топтун төрагасы А.Машрабовдун сунуштарын угуп жана талкуулап депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламенти өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен кабыл алынсын (регламент тиркелет)
2. Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин иштөө тартибин шаардык кеӊештин регламентинин негизинде жүргүзүү жагы шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жана шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлерине жүктөлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |
| Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2017-жылдын 20-январындагы № 6 токтомуна тиркеме |
Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңешинин
РЕГЛАМЕНТИ
I БӨЛYM.Жалпы жоболор
1-глава.Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңеши (мындан арышаардык кеӊеш)
2-глава.Шаардык кеңештин компетенциясы
II БӨЛYM.Шаардык кеңешинин түзүмүжана органдары
3-глава.Шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары
4-глава. Шаардык кеңештин жооптуу кызматкерлери
5-глава. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
III БӨЛYM. Депутаттык фракциялар
6-глава. Депутаттык фракциялар жөнүндө жалпы жоболор
7-глава. Депутаттык фракциялардын ишмердүүлүгү
8-глава. Фракциялардын шайлоочулар менен өз ара мамилеси.
Шайлоочулардын суроо-талаптары
IV БӨЛYM. Шаардык кеңештин ишинин жалпы тартиби