Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-ноябры № 27/2
Өзгөн шаарындагы айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгын эсептөө үчүн зоналдык коэффициентти бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 18-октябрындагы №758 катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 15-ноябрындагы отурумунун №8 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарындагы айыл чарба багытында болбогон жерлердин 2017-жылга жер салыгын эсептөө үчүн зоналдык коэффициенти 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.А. Насиров |
| Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) 2016-жылдын 26-ноябрындагы кезектеги XXVII сессиясынын №27/2 токтомунун 1-тиркемеси |
№ 1 Зона үчүн Кз – 1,2.
Аталган зонага шаардын борбору толугу менен кирет.
Манас көчөсү - А. Темур көчөсүнөн баштап Гагарин көчөсүнүн кесилишине чейин;
Гагарин көчөсү - Ленин көчөсүнөн баштап Кошиев көчөсүнүн кесилишине чейин;
Кошиев көчөсү - Ленин көчөсүнөн баштап Гагарин көчөсүнүн кесилишине чейин;
Маданият көчөсү - Жуков көчөсүнөн баштап А. Мамажанов көчөсүнүн кесилишине чейин;
Ленин көчөсү - «Тулпар» АКнан баштап Гагарин көчөсүнүн кесилишине чейин;
Мирзарахимов көчөсү.
№ 2 Зона үчүн Кз – 1,0.
Аталган зонага шаардын калган аймагы кошулат.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун
ПРОТОКОЛУ
Өзгөн шаары № 8 15 – ноябрь 2016-жыл.
Катышканы: – 4 депутат
Катышышты: «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Юлдашев,