Редакцияот 01.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

 

2016-жылдын 1-марты № 67

Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 2015-жылга аткарылышы жана 2016-2017- жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн түзүлүшүнүн болжолун кароо, бекитүү боюнча

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, КР бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин отчетун, ФЭБнун башчысы Н.Кулузакованын маалыматын, Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, макетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 2015-жылга (атайын каражаттарды кошкондо) 36755,8 миң сом, анын ичинен атайын каражат 8582,0 миң сом, ал эми чыгаша бөлүгү жалпы 37094,4 миң сом, анын ичинен атайын каражат 8302,8 миң сом өлчөмүндө аткарылгандыгы 1, 2 Тиркемелерге ылайык бекитилсин.

2. 2016-жылга Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 42366,7 миң сомго 3, 4, 5 Тиркемелерге ылайык бекитилсин.

Анын ичинен төмөндөгүлөр эске алынсын:

Атайын каражат – 8547,5 миң сом;

Жергиликтүү салык, салыктык эмес жыйымдар – 33819,2 миң сом;

3. Калктын суроо талаптары боюнча жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, Токтогул шаардык мэриясы тарабынан пландалган иштерди аткаруу жана арыз, кайрылууларды канаатандыруу ушул токтомдун 2 пункту менен бекитилген акча каражатынын эсебинен 5 Тиркемеге ылайык чыгымдалып, жумшалсын.

4. 2016-жыл үчүн Токтогул шаардык мэриясынын 1% резервдик фондунун жалпы көлөмү 335,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

5. 2016-жылдын 1-январынан баштап 2016-жылдын 31-декабрына чейин төмөндөгү кызматкерлерге, жумушчуларга тарификациядагы эмгек акыларына ай сайын үстөк акы кошумча төлөнүп берүү каралгандыгы эске алынсын (3 Тиркеме) :

Токтогул шаардык мэриясынын 3 кенже тейлөө кызматкерине 2200 сомдон, 2 аппарат кызматкерине 3500 сомдон:

 2111 – 163,2 миң сом айлык акыга;

 2121 – 28,2 миң сом соц.фондго чегерүү;

Жалпы: 191,4 миң сом.

Токтогул шаардык кеңешинин кенже тейлөө кызматкерлерине 2200 сомдон;

2111 – 52,8 миң сом айлык акыга;

2121 – 9,1 миң сом соц.фондго чегерүү;

Жалпы: 61,9 миң сом

“Ынгайлуу шарт түзүү” комбинатындагы жумушчуларга 7100 сомдон, бөлүм башчысына 2000 сомдон;

2111 – 1387,2 миң сом айлык акыга;

2121- 239,3 миң сом со фондго чегерүү;

Жалпы: 1626,5 миң сом

“Эс алуу” багынын жумушчуларына 3200 сомдон;

2111 – 268,8 миң сом айлык акыга;

2121- 46,4 миң сом фондго чегерүү;

Жалпы: 315,2 миң сом

6. Токтогул шаардык мэриясында 2016-жылдын 1-мартына чейин келишимдин негизинде иштеген 3 кварталдык комитет башчыларына 2 айлык (январь, февраль) акылары жана жумуштан бошотулгандыгына байланыштуу акыркы төлөмү эсептелип, төлөнүп берилсин (3 Тиркеме). 2016-жылдын 1-мартынан баштап жогоруда аталаган комитет башчылары менен келишим түзүү токтотулгандыгы эске алынсын.

2111 – 76,5 миң сом;

2121 – 13,2 миң сом

Жалпы: 89,7 миң сом

7. Бул токтомду аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттин киреше булагын түзүүчү салыктык жана салыктык эмес жыйымдардын топтолушун катуу көзөмөлгө алуу, ошондой эле ушул токтом менен бекитилген жергиликтүү бюджеттин каражаттарын аргументтелген документтерге таянып, максаттуу пайдалануу түздөн-түз шаар мэринин (М.Калмурзаев) жана ФЭБ башчысынын (Н.Кулузакова) жоопкерчилигинде экендиги баса белгиленсин.

8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, макетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (М.Солтоева) тапшырылсын.

9. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

10. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).

 

Төрага

К. Дербишев

 

 

Тиркеме №1

Токтогул шаардык мэриясынын киреше бөлүгүнүн аткарылышынын

Анализи 2015-жылдын 12 айына 

                                                                                                    (мин сом)

№

Киреше булактары

2015-жылга бекитилген план

2015-жылдын 12 айына такталган план

Фактичес.аткарыл. (мин сом)

Айырма (+.-)

такталган планга салыштырма %

 

Салык агенттеринен алынуучу киреше салыгы.

13278,0

12278,0

11364,8

-913,2

92,5

 

Патенттин негизинде алынуучу киреше салык

5935,0

5935,0

6219,0

284,0

104,8

 

Жеке тараптардан алынуучу короожай жана жер үчүн алынуучу салык

550,0

550,0

694,4

144,4

126,3

 

Айыл чарбасына багытталбаган жер салыгы

890,0

890,0

913,8

23,8

102,7

 

Айыл чарбасына багытталган

 

 

10,0

10,0

 

 

Мамлекеттик жыйым

832,0

832,0

426,4

-405,6

51,3

 

Сатуудан алынуучу салык

6192,0

5192,0

6162,5

970,5

118,7

 

Кыймылдуу мүлк салыгы.

1272,0

1272,0

1645,2

373,2

129,3

 

Кыймылсыз мүлксалыгы

206,0

113,0

145,0

32,0

129,6

 

Штраф жана конфискациялар

100,0

100,0

196,7

96,7

196,7

 

Таштанды чыгаруу алынуучу жыйым

350,0

350,0

353,4

3,4

101,0

 

Аренда акы

 

 

16,6

16,6

 

 

Бирдиктуу салык (чакан ишкерлер)

 

10,4

26,0

15,6

250,0

13

Бардык жергиликтуу салык жыйымдар:

29605,0

27522,4

28173,8

651,4

102,3

 

Атайын каражаттар

7907,5

8940,8

8581,9

-358,9

96,0

 

Жалпы:

37512,5

36463,2

36755,7

292,5

100,8