Редакцияот 17.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы (бешинчи чакырылыштагы)

 

2015-жылдын 17-ноябры № 2

«Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жана жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин ажыратуу боюнча комиссиялардын курамына кирүүчү депутаттардын курамы жөнүндө»

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Нышанов Сыдыктын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймагында кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарага берилишинин жана жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер тилкелеринин ажыратылышынын туура, максаттуу жана мыйзамдуу жүргүзүлүшүн камсыз кылуу максатында айыл өкмөтү тарабынан түзүлүүчү комиссиялардын курамына айылдык кеңештин депутаттары № 1 жана № 2 тиркемелерге ылайык киргизилсин.

2. Жогорудагы депутаттарды кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жана жеке менчик турак жай куруу үчүн жер тилкелерин ажыратуу боюнча түзүлүүчү комиссиялардын курамына киргизүү Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн (Т. Туйбаев).

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (А. Адашов).

 

Төрага

А. Беделов

 

Айылдык кеңештин 2015-жылдын

«17» -ноябрында өткөрүлгөн № 6

сессиясынын № 2 токтомуна № 1

тиркеме

 

Кайра бөлүштүрүү фондунун жеерлерин ижарага берүү боюнча түзүлүүчү  комиссиянын курамына кирүүчү депутаттардын

Тизмеси

Мурзаев Асабидин – айылдык кеңештин төрагасынын орун басары.

Адашов Алмаз – айылдык кеңештин депутаты.

Атабаев Эрмамат -   айылдык кеңештин депутаты.

Алдраков Сырбек - айылдык кеңештин депутаты.

Саданов Талант - айылдык кеңештин депутаты.

Айдаров Абдимиталип - айылдык кеңештин депутаты.

 

 

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин катчысы

А. Зикиров

 

 

Айылдык кеңештин 2015-жылдын

«17» -ноябрында өткөрүлгөн № 6

сессиясынын № 2 токтомуна № 2

тиркеме

 

Жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин ажыратуу боюнча түзүлүүчү комиссиянын курамына кирүүчү депутаттардын

Тизмеси

Мурзаев Асабидин – айылдык кеңештин төрагасынын орун басары.

Адашов Алмаз – айылдык кеңештин депутаты.

Атабаев Эрмамат – айылдык кеңештин депутаты.

 Алдраков Сырбек – айылдык кеңештин депутаты.

Айдаров Абдимиталип - айылдык кеңештин депутаты.

Молдошов Эсен - айылдык кеңештин депутаты.

 

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин катчысы

А. Зикиров