Редакцияот 10.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектегиVIII сессиясы

 

2015-жылдын 10-марты № 3

“Талдуу-Булак айыл аймагынын жайыт пайдаланучулар бирикмесинин 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө”

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А. Сатыбалдиевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Талдуу-Булак айыл аймагынын жайыт пайдаланучулар бирикмесинин 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы канаттандырарлык деп табылсын.

2. Талдуу-Булак айыл аймагынын жайыт пайдаланучулар бирикмесинин 2015-жылдагы бюджети бекитилсин.

3. Талдуу-Булак айыл аймагынын жайыт пайдаланучулар бирикмесинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин: 2015-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү көрсөтүлгөн тарифте бекитилсин (тиркеме тиркелет).

4. Талдуу-Булак айыл аймагынын жайыт пайдаланучулар бирикмесинин төрагасына пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.

 

Төрага

Б. Матишев

 

 

“Бекитилди”

Талдуу-Булак айылдык

Кеңешинин №3 токтомуна

№ 1тиркеме

 

2015-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн тарифи

 

 

№

Малдын түрү

Малдын саны

Жайыт пайдалануу үчүн 1 малдын башына чегерилген төлөм(сом)

Жайыт пайдалануу үчүн чогултуудан күтүлүүчү сумма

1

Ири мүйүздүү мал

4034

87,0

350958

2

Майда жандык

7936(1587)

87,0

138069

3

Жылкы

1301

87,0

113187

4

Жыйынтыгы:

6922

87,0

602214

 

 

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы

А. Сатыбалдиев