Редакцияот 26.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык кеңешинин 5 чи чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

 

2016-жылдын 26-февралы № XXXI -13

Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2016-жылга карата перспективалык иш планы жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2016-жылга карата перспективалык иш планын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештеринин жобосуна ылайык, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2016-жылга карата перспективалык иш планы бекитилсин.

2. 2016-жылдын май, июль ,сентябрь айларында кезектеги сессия өткөрүлсүн.

3. Иш пландын негизинде иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Жээнбаевага тапшырылсын.

 

Төрага

А. Ажибаев

 

Тиркеме

Т. Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2016-жылга перспективалык

ИШ ПЛАНЫ

 

№

Иш чаранын аталышы

Мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

1

Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн 2015-жылга жергилтүү бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө

I чейрек

Ж. Нарматов

2

Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2016-жылга карата перспективалык иш планы

I чейрек

А. Ажибаев

3

ИСКАКБ «Абшыр-Таза-суу» ишканасынын жетекчисинин 2015-жылда аткарган иштеринин отчету жана 2016-жылга карата элден жыйноочу салыктын тарифин бекитүү жөнүндө

I чейрек

Ж. Нарматов

4

"Кыргыз Республикасынын шайлоо референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссияларынын курамы, жыйындардын протоколдорун бекитүү жөнүндө.

 

II чейрек

И. Нарматов

5

T. Кулатов айыл аймагындагы мечиттерде диний экстремизм жана ар түрдүү агымдардын алдын алуу боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө

II чейрек

И. Нарматов

6

Жергиликтүү бюджеттин 2016-жылдын I кварталындагы иштеринин аткарылышын көзөмөлдөө жөнүндө

II чейрек

Ж. Нарматов

7

Т. Кулатов айыл аймагындагы ФАПтардын, аймактык ооруу кананын санитардык гигеналык абалы жана муктаждыктары жөнүндө

II чейрек

М.Шамшиева

8

Т. Кулатов айыл аймагынын Ходжо Арык СПАсынын жетекчисинин аткарып жаткан иштери жөнүндө

III чейрек

М. Разаков

9

Айыл аймагындагы сода түйүндөрүнүн аткарып жаткан иштеринин мыйзамдуулугун кароо жөнүндө

III чейрек

Ж. Нарматов

10

 Ноокат райондук электр тармактар иш канасынын Кулатов участкалык бөлүмүнүн бүгүнкү күндөгү жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

 

IV чейрек

М. Разаков

11

Айыл аймагында балдар бакчаларынын аткарып жаткан иштери жөнүндө

IV чейрек

 

М.Шамшиева

12

Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2016-жылга карата перспективалык иш планы

IV чейрек

А. Ажибаев

 

Жооптуу катчы:

А. Жээнбаева