Редакцияот 21.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеңешинин 16-чакырылышынын 1-кезектеги сессиясы

 

2016-жылдын 21-январы № 2

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2016-жылга иш планын бекитγγ жѳнγндѳ

Кара-Суу айыл аймагынын айыл ѳкмѳтγнγн депутаты Б. Мусалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап 1-кезектγγ сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл аймагынын  айылдык кеңешинин 2016-жылга карата иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзγмѳ калтырамын.

 

Төрага

Б. Мусалиев

 

 

Тиркеме

«БЕКИТЕМИН»

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы  К. Иманкулов

_________________________________

«____»___________________2016-жыл

 

 

Кара-Суу айылдык кенешинин депутаттарынын 2016-жылга карата

ИШ ПЛАНЫ

 

№

Иштелүүчү иштердин мазмуну.

Ким аткарат

мѳѳнѳтү

 

1

Айылдык депутаттардын сессияларынын материалдарын даярдоо, тармактык комитеттердин иш планын бекитүү, кѳзѳмѳлгѳ алуу жана аыйл ѳкмѳт менен биргеликте иш алып баруу.

 

Тѳрага, орун басар, ьайыл Өкмотү,катчы.

I квартал

2

Арыз даттануулар менен иштѳѳ жана ѳз убагында жооп берүү, тиешелүү тармактарга тапшырма берүү. Иштин жүрүшүн кѳзѳмѳлгѳ алуу.

 

Тѳрага, орун басар

Комитет жетекчилери.

Жыл бою

3

Жогорку уюмдардан келген токтом, указдардын аткарылышын жана бул боюнча уюштуруу иштерди, жергиликтүү кенештин депутаттары менен иштѳѳ.

Тѳрага, орун басар

Катчы,жалпы депутаттар.

Жыл бою

4.

Ар бир депутат өз тармагы боюнча  жыл бою элдин арыз даттанууларынын негизинде өз алдынча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы каралсын.

 

Жалпы депутаттар.

 

Жыл бою

5.            

 Айыл ичинин жана мекеме ишканалардын тазалыгын жакшыртуу  максатында ишембиликтерди ѳткѳзуу. Парктарга жол боюна көчөттөрду отургузуу.

 

Соц тармак айыл тургундары менен биргеликте.

2-квартал

6…

Коомдук мыйзамды көзөмөлгө алуу жана жакшыртуу максатында участкалык инспектордон жана мектеп жетекчилигинен, жаштар уюмунан, мектеп парламентинен жана КААБ дан иштин жүрүшүн көзөмөл кылуу.

 

Мектеп администрациясы, мектеп парламенти,

КААБ. Соц тармак.

Жыл бою

7

Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн толтурулушун, салык, таза-суу, жайыт акы, тиешелүү кызматкерлерден талап кылуу, муктаж болгондо түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

 

Төрага, орун басар,

бюджет комитети

Жыл бою

8.

Жаштар уюму, аксакалдар соту жана коомдук уюмдар менен иш алып барууну жакшыртуу.

Төрага, орун басар

Жыл бою

9.

Айыл калкын социалдык жана маданий жактан тейлөө абалынын жакшырылышына көзөмөл кылуу.

 

Соц. тармак

Жыл бою

10.

Шайлоочулар тарабынан депутаттарга коюлган доо арыздарга убагында жооп берүү

Жалпы депутаттар

Жыл бою

11

Маданий-массалык иштеринин  жогорку дещгээлде өтүшүнө колдоо көрсөтүү

 

Соц. тармак

Жыл бою

12.

Айыл чарбасындагы айдап-себүү, оруп-жыюу иштерин элдин үрөөн, күйүүчү май менен камсыз болушун техникалардын ондолушун айыл өкмөтүнөн талап кылуу, бирге иш алып барууну уюштуруу.

 

Агрардык комитет

Айыл өкмөтү

Жыл бою

13.

Жергиликтүүбюджеттин бөлүнүшүн депутаттар,айыл эли, тармактык комиссиялар менен биргеликте иш алып баруу жана элге бюджет боюнча маалымат берүү.

 

Бюджеттик комитет

1-2-4-квартал

14.

Жугуштуу оорулардын алдын алуу , иш алып баруу максатында (бруцеллез, кутурма, күл, сибирь жарасы, туберуклез) айыл өкмөтүндө түшүндүрүү иштерин жүрүзүү жана алдын ала эмдөөлөрдү жүрүзүү.

 

Агрардык комитет,

Айыл өкмөт.

Жыл бою

15.

Жаштар саясатын жакшыртуу, маданий, спорттук иш чараларды жана конкурстарды өткөрүүгө депутаттар менен биргеликте иш алып баруу.

 

Соц. тармак

Жаштар уюму.

Жыл бою

16.

Жазгы жана күзгү көчүп конууларды айыл өкмөтү, жайыт комитети менен биргеликте өз убагында көчүп конуусун көзөмөлгө алуу.

 

Агрардык комитет.

Айыл өкмөт.

Жыл бою

17.

Ар бир айдын аягында иштеген иштерге анализ берүү, комиттетердин иш планын жана иштерин көзөмөлдөө.

 

Төрага,

Орун басар

Жыл бою

18

Мекеме жетекчилеринин, жайыт комитетинин, таза-суу башчысынын жана

айыл өкмөтүнүн башчысынын, кызматкерлеринин бир жылдык отчетун угуу.

 

Төрага,

Депутаттар,коомчулуктун өкүлдөрү.

III квартал

 

IV квартал

 

Кара-Суу айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы:          К.Иманкулов.