Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин 6-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз 1-сессиясы
2017-жылдын 18-июну № 5
Төрт-Көл айылдык кеңешинин Регламентин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 28-беренесинин негизинде Төрт-Көл айылдык кеңешинин кезексиз экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Көл айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылыштагы) Регламентин иштеп чыгуу үчүн төмөнкү курамдагы жумушчу топ түзүлсүн:
1. Нурмаматов А - топтун башчысы;
2. Тойчубаев С - топтун мүчөсү;
3. Анарбаева Б - топтун мүчөсү;
4. Насипов С - топтун мүчөсү;
5. Мураталиев Б - топтун катчысы.
2. Жумушчу топко Регламенттин долбоорун айылдык кеңештин кезектеги сессиясына чейин иштеп чыгуу жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Ахмедов |
| Тиркеме Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18.01. № 5 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Мыйзамдарына ылайык айылдык кеңеш (мындан ары - Кеңеш) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
Търт-Къл айылдык кеңешинин туруктуу жайгашкан жери – Шоро-Башат айылы болуп саналат жана курамы 4 жылдык мөөнөткө шайланган 21 депутаттан турат. Зарыл учурларда төраганын чечими жана туруктуу комиссиялардын сунушу боюнча Кеңештин сессиялары (жыйналыштары) башка жерде өткөрүлсө болот.
Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамдарын, жергиликтүү жамаатынын Уставын, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
Кеңештин ыйгарым укуктары болуп төмөнкүлөр саналат:
жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
жергиликтүү бюджетти жана аны аткаруу жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
айыл өкмөттүн бюджеттинин аткарылышы жөнүндө отчетко канааттандырарлык эмес деген баа берилген учурда, айылдык Кеңеш айыл өкмөттүн, анын айрым мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө маселени карайт
аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана аткарылышына контролдук кылуу;
жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;
жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин, анын ичинде муниципалдык менчик обьекттерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролдук кылуу;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
мыйзамда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;