Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин 6-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз 1-сессиясы
2017-жылдын 6-июну № 4
Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2017-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Төрт-Көл айылдык кеңешинин кезексиз экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2017-жылга карата иш планы бекитилсин (тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | С. Ахмедов |
| Тиркеме Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18.01. № 4 токтому менен бекитилген |
1. Айылдык кеңештин 2017-жыл үчүн иш планын бекитүү (2017-жыл, 1-квартал, айылдык кеңештин төрагасы Ахмедов С.)
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө 2016-жыл үчүн жылдык отчет (2017-жыл, 1-квартал, Төрт-Көл айыл өкмөтү)
3. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы (2017-жыл, 1-квартал, айылдык кеңештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы жана Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Абдиев А.)
4. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча 2016-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө (2017-жыл, 1-квартал, айылдык кеңештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы, Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы эсепчи Абдиев А.)
5. 2017-жылга бюджетин кирешелер, чыгашалар боюнча бекитүү. Айыл өкмөтүнүн 2017-жыл үчүн структурасын жана штаттын санын бекитүү (2017-жыл, 1-квартал, айылдык кеңештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия», Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Абдиев А.)
6. Төрт-Көл айыл аймагындагы маданият үйүнүн жана китепкананын калкты тейлөөдөгү ишмердүүлүгү жана алдыдагы милдеттери жөнүндө (2017-жыл, 2-квартал, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн соцадиси)
7. Бюджеттин 2017-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык планынын аткарылышы жөнүндө (2017-жыл, 3-квартал, «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия», Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Абдиев А.)
9. Өзгөн РИИБнин Төрт-Көл айыл аймагы боюнча административдик участкаларынын тескөөчүлөрүнүн Төрт-Көл айыл аймагы боюнча аткарып жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери (2017-жыл, 2-квартал, Өзгөн РИИБнин административдик участкалардын тескөөчүлөрү, айыл өкмөтүнүн соцадиси, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия)
10. Саламаттыкты сактоо мекемелеринин калкты тейлөөдө аткарып жаткан иштери жөнүндө (2017-жыл, 3-квартал, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн соцадиси)
11. Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына, кышка даярдыгы жөнүндө (2017-жыл, 3-квартал, Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөт башчысынын орун басары )
12. Төрт-Көл айыл аймагындагы ветсервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө (2017-жыл, 3-квартал, айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн ветадиси)
13. Жайыт комитетинин 2016-жылда аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2017-жыл үчүн бюджетинин жана иш планын бекитүү жөнүндө (2017-жыл, 1-квартал, айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия, Жайыт комитетинин башчысы)