Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кудук айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2016-жылдын 31-майы № 3/4
Ак-Кудук айыл аймагынын администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясы жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө
Ак-Кудук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясын түзүү комиссиянын иш милдеттери, укуктары жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык, жоопкерчилик жөнүндө кодексинде каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча жобонун долбоорун талкуулап, Ак-Кудук айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кудук айыл аймагнын администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясы жөнүндөгү жобосу бекитилсин.
2. Ак-Кудук айыл өкмөтундө бул жобонун негизинде административдик укук бузууларды кароо алдын алуу боюнча туруктуу комиссия тузуп иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин тийиштүү комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | З.Алдакеев |
| Ак-Кудук айылдык Кеңешинин Депутаттарынын 31-май 2016-жылдагы 27- сессиясынын № 3/4 токтому менен бекитилди |
Ушул жобо Ак-Кудук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясынын макамын, курамын түзүү жана иштөө тартибин, анын мүчөлүрүнүн ыйгарым укуктарын аныктайт.
1.1. Ак-Кудук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы администрациялык укук буузулар боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо үчүн айыл өкмөттүн алдында түзүлүүчү туруктуу иштөөчү коллегиялык орган болуп саналат.
1.2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексин, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КРнын Мыйзамын, КРнын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2015-жылдын № 01-24-75 сандуу буйругу менен бекитилген «КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиялар жөнүндө» типтүү жобо жана башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул жобону жетекчиликке алат.
1.3. Комиссия администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди комиссиянын ачык жыйналыштарында кароого ыйгарым укуктуу, өз убагында жана калыс кароо, администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүү менен кабыл алынган чечимдердин аткарылышын камсыз кылуу Комиссиянын негизги максаты болуп саналат.
2.Негизги милдеттери жана функциялары.
2.1. Комиссиянын негизги милдеттери болуп:
— Ак-Кудук айыл аймагында администрациялык укук бузууларды жасаган юридикалык, жеке жактарга, ошондой эле кызмат адамдарына карата администрациялык таасир көрсөтүү чараларын колдонуу;
— ар бир административдик укук бузуунун кырдаалын ар тараптуу, толук, обүективдуу, өз убагында карап, мыйзам чегинде чечүү;
— администрациялык укук бузуулардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу;
— администрациялык укук бузууларды жасоого көмөктөшүүчү себептер менен шарттарды табуу жана четтетүү;
— администрациялык укук бузуу ишине карата чыккан токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө;
— инсанды коргоо, жарандардын укуктарын жана эркиндигин, ден-соолугун, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин, коомдук адептүүлүктү, жаратылыштагы айлана чөйрөнү, бекитилген тартипте мамлекеттик бийликти жүргүзүү жана башкаруу тартибин, коомдук тартипти, юридикалык жактардын укуктарын жана алардын бирикмелерин административдик укук бузуулардан сактоо жана алардын алдын алуу болуп саналат.