Редакцияот 10.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXXVI СЕССИЯСЫ

 

2016-жылдын 10-ноябры № 8

Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө

Нарын шаарынын социалдык экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымдары, өзгөчө сиңирген эмгектери үчүн Нарын шаардык Кеңешинин “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын шаарынын социалдык экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымдары, өзгөчө сиңирген эмгектери үчүн Нарын шаардык Кеңешинин “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, сессияга катышкан депутаттардын көпчүлук добушуна ээ болгондуктан Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы тиркемеде көрсөтүлгөн инсандарга ыйгарылсын.(тиркеме тиркелет)

2. Жобого ылайык Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын алгандарга атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси, күбөлүгү тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Э.Турсуналиев

 

 

Нарын шаардык Кеңешинин 10-ноябрь 2016-жылдагы XXVI чакырылыштагы кезексиз XXXVI сессиясынын №8 токтомуна тиркеме

 

 

 

Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы кезексиз XXXVI сессиясынын №8 токтому менен Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын алган инсандардын тизмеси

 

1. Бейшеев Жолдошбек

2. Кайыпов Үсөнбек

3. Кукеева Айжан

4. Абдылдаев Бейшенбек

5. Нурмамбетов Султангазы

6. Кудайбергенова Зарылбүбү

7. Мадинов Орозобек

8. Жунушбаев Болотбек

9. Шамеева Сыйнагүл

10. Тилембаева Гүльнара

11. Жумакеев Набий

12. Бусурманкулова Жаңыл

13. Ибраева Нуржан

14. Чекиров Аманкул

15. Зарылбекова Таалайбүбу

16. Турдукеев Жаныбек

17. Жолдошакунов Максат

18. Дүйшеев Кубан

19. Жунусова Каныкей

20. Масинова Эркин

 

 

 

Жооптуу катчы

 

А. Абдыкеримов