Редакцияот 06.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Момбеков айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз 26-сессиясы

 

2016-жылдын 6-февралы № 6

Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө

Момбеков айылдык Кеңешинин Регламентине ылайык Момбеков айылдык Кеңешинин эсептөө комиссиясынын төрагасы Борбиев Абдразактын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVI-чакырылышынын кезексиз 26-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эсептөө комиссиясынын төрагасы Борбиев Абдразактын билдирүүсү эске алынсын.

2. Эсептөө комиссиясынын № 1-токтому бекитилсин (токтом тиркелет)

3. Эсептөө комиссиясынын № 2-токтому бекитилсин (токтом тиркелет).

 

Төрага

 

Т. Мусурманкулов

 

 

Момбеков айылдык Кеңешининин эсептөө комиссиясынын заседаниесинин

ТОКТОМУ

 

Кыла айылы № 1

06. 02. 2016-жыл

 

Эсептөө комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө»Момбеков айылдык Кеңешинин эсептөө комиссиясынын Торагасы А.Борбиевдин билдируусун угуп жана талкуулап, эсептөө комиссиясынын № 1-заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Эсептоо комиссиясынын төрагасы болуп Депутат Борбиев Абдразак шайлансын.

2. Эсептөө комиссиясынын катчысы болуп Сейитова Жамила шайлансын.

3. Мүчөсү болуп Жаркулов Жамбыл шайлансын.

4. Эсептөө комиссиясынын № 1-токтомун бекитип берүү жагы Момбеков айылдык кеңешинин кезексиз 26-сессиясынан суралсын.

Эсептөө комиссиясынын төрагасы: Борбиев А.

Катчысы: Сеитова Ж.

Мүчөлөрү: Жаркулов Ж.

 

Момбеков айылдык Кеңешининин эсептөө комиссиясынын заседаниесинин

 

ТОКТОМУ

Кыла айылы № 2

06. 02. 2016-жыл

Момбеков айылдык Кеңешинин төрагалыгына талапкерлерди шайлоо бллютенине киргизүү жөнүндө

Эсептөө комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, эсептөө комиссиясынын № 1-заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Момбеков айылдык Кеңешинин төрагалыгына талапкер болушкан депутаттар шайлоо бллютенине алфавиттик тартипте төмөндөгүдөй киргизилсин :

1.Мусурманкулов Турсуналы

2.Стамбаев Ташмамат

2. Эсептөө комиссиясынын № 2-токтомун бекитип берүү жагы Момбеков айылдык кеңешинин кезексиз 26-сессиясынан суралсын.

Эсептөө комиссиясынын төрагасы: Борбиев А.

Катчысы: Сеитова Ж.

Мүчөлөрү: Жаркулов Ж.