Редакцияот 06.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Момбеков айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз 26-сессиясы

 

2016-жылдын 6-февралы № 7

Момбеков айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

Момбеков айылдык Кенешинин Регламентине ылайык Момбеков айылдык Кенешинин эсептөө комиссиясынын төрагасы Борбиев Абдразактын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVI-чакырылышынын кезексиз 26-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эсептөө комиссиясынын төрагасы Борбиев Абдразактын билдирүүсү эске алынсын.

2. Эсептөө комиссиясынын № 3- токтому бекитилсин (токтом тиркелет)

3. Момбеков айылдык Кеңешинин төрагасы болуп 12 добуш алган Мусурманкулов Турсунали Сабырбекович шайлансын.

 

Төрага

Т. Мусурманкулов

Момбеков айылдык Кеңешининин эсептөө комиссиясынын заседаниесинин

 

ТОКТОМУ

 

Кыла айылы № 3

06. 02. 2016-жыл

 

Момбеков айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

Момбеков айылдык Кеңешинин эсептөө комиссиясынын Төрагасы А.Борбиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, эсептөө комиссиясынын № 1- заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Момбеков айылдык Кеңешинин төрагасы 12 көпчүлүк добуш алган Мусурманкулов Турсуналы шайлансын.

2.Эсептөө комиссиясынын № 3-токтомун бекитип берүү жагы Эл депутаттарынын Момбеков айылдык кеңешинин № 1-сессиясынан суралсын.

Эсептөө комиссиясынын төрагасы :Борбиев А.

Катчысы: Сейитова Ж.

Мүчөлөрү: Жаркулов Ж.