Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-январы №4
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынчы башкаруу жөнүндө Мыйзамынын жана Көлдүк айылдык кеңешинин регламенти айылдык кеңешинин сессиясында талкууланып төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көлдүк айылдык кеңешинин 2017-жылга карата иш регламенти бекитилсин (тиркелет 4 барактан) .
2. Сессия жылына 4 кварталга бөлүнүп бир жылга кезектүү 4жолу сессия уюштурулсун, кезексиз сессия маселенин жаралышына карата каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын».
Төрага | Б. Сатыгулов |
Көлдүк айылдык кеңешинин
2017-жылдын «___»
___________№__
токтому менен бекитилген
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ
1. Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Мыйзамдарына ылайык айылдык Кеңеш (мындан ары - Кеңеш) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
Көлдүк айылдык Кеңешинин туруктуу жайгашкан жери – Көлдүк айылы болуп саналат жана курамы 4 жылдык мөөнөткө шайланган 11 депутаттан турат. Зарыл учурларда төраганын чечими жана туруктуу комиссиялардын сунушу боюнча айылдык Кеңештин сессиялары (жыйналыштары) башка жерде өткөрүлсө болот.
Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын, жергиликтүү жамаатынын Уставын, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
Кеңештин ыйгарым укуктары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
жергиликтүү бюджетти жана аны аткаруу жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
айыл өкмөттүн бюджеттинин аткарылышы жөнүндө отчетко канааттандырарлык эмес деген баа берилген учурда, айылдык Кеңеш айыл өкмөттүн, анын айрым мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө маселени карайт
аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана аткарылышына контролдук кылуу;
жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;