Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты №4
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылынын айылдык Кенешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу боюнча жобо тиркемеге ылайык бекитилсин. Тиркеме тиркелет.
2. Токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Молдажиевага тапшырылсын.
3. Бекитилген жобого ылайык иш алып баруу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж. Иманкулов |
Кара-Суу айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин
2017-жылдын 10-мартындагы
№ 4 токтому менен бекитилди
Кара-Суу айылынын «Ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу боюнча
I. Жалпы жобо
1.1. « Кара-Суу айылынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча жобо (мындан ары жобо) ардактуу атуулдука көрсөтүү жана наамды ыйгаруу тартибин аныктоо максатында иштелип чыкты.
1.2. Наам Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар, айылда жашап жана көпчүлүк жарандарга тааныш ошол эле учурда сый-урматка ээ болушу шарт;
1.3. Кара-Суу айылынын « Ардактуу атуулу» наамы (мындан ары наам) атуулдун айылы үчүн жасаган кызматына карата берилген эң жогорку ыраазычылыык болуп эсептелет. Наам айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн, айыл элинин жыргалчылыгына багытталган ишмердүүлүгү жана айылдын тарыхына жана атак данкынын өсүшүнө кошкон жетишерлик салымы үчүн берилет;
1.4. Наам айыл чарба багытындагы иновациялык иштери үчүн, калктын инфраструктурасын өнүктүрүү багытындагы алгылыктуу иштери үчүн, билим берүү багытындагы жетишкендиктери үчүн, элди жумуш менен камсыздаган ишкерлик багытындагы үзүрү үчүн, социалдык-кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн, саламаттыкты сактоодогу жаңылануу-сапатту тейлөөсү жана спорттогу алгылыктуу жетишкендиктери жана жогорку көрсөткүчтөрү үчүн ыйгарылат;
1.5. Айрым учурда наам айыл аймагында жашабаган, бирок айыл үчүн жасаган өзгөчө иштери үчүн (анын ичинде ири демөөрчүлүк жардамы), көрсөткөн баатырлыгы үчүн, өзгөчө кырдаалдар жаралган учурундагы адамдардын өмүрүн куткарууда аткарылган эрдиктери жана өзгөчө кырдаалдан кийинки кесепетти жоюудагы эрктүүлүктөрү үчүн ыйгарылышы мүмкүн;
1.6. Согуштун ардагерлерине жана согуш жылдары орукта эмгектенгендерге. (критерийлер каралбайт)
1.7. Наамды ыйгаруу даталуу күндөрдө коомчулуктун катышуусу менен гана жүргүзүлөт,
1.8. «Айылдын ардактуу атуулу» наамынын ээсине «Кара-Суу айылынын ардактуу атуулу» лентасы, (значок же медальон) наамды тастыктаган күбөлүк (айылдык кеңештин жана айыл өкмөтүнүн мөөрү менен) кошо тапшырылат;.
1.9. Наам бир эле адамга эки же андан көп тапшырылышы мүмкүн, эгерде критерийге дал келсе;