Загрузка документа…
Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 146 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-августу №10
Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 9-августундагы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 44-беренесинин 7-пунктуна ылайык «Ош шаары–өнүккөн ордо калаа» Ош шаарын 2016-2020-жылдарда өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндөгү №314ү08-6 катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын бул маселени кароо боюнча отурумдарынын токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ош шаары–өнүккөн ордо калаа» Ош шаарын 2016-2020-жылдарда өнүктүрүү программасы бекитилсин (тиркелет).
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) «Ош шаары–өнүккөн ордо калаа» Ош шаарын 2016-2020-жылдарда өнүктүрүү программасында каралган иш-чараларды өз убагында так, сапаттуу аткаруу жана программанын аткарылуусу боюнча жыл сайын, жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын коомчулугунун алдында жана Ош шаардык Кеңешинин сессиясында отчет берүү милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык малымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |
«Бекитилди»
Ош шаардык Кеңешинин
2016-жылдын 24-августундагы
кезектеги IV сессиясынын
№10-токтому менен
Ош шаарынын мэриясы
«Ош шаары-өнүккөн ордо калаа»
(ОШ ШААРЫН 2016-2020-ЖЫЛДАРДА ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫ)
Ош шаары, 2016-жыл
Ош шаарынын мэри А.Кадырбаевдин Ош шаарынын тургундарына кайрылуусу
Урматтуу шаардыктар!
Ош шаары-Борбордук Азиядагы ири шаарлардын бири, Кыргызстандын түштүк борбору. Шаардын экономикалык, финансылык, транспорттук жана социалдык орду сиздердин баалуулуктарыңыздарга, жашоо образыңыздаргажана талаптарыңыздарга төп келиши зарыл.
Сиздер башка ири шаарлардагыдай эле шаардын социалдык-экономикалык, маданий, экологиялык абалына жогорку талаптарды коюп келесиздер.Ал талаптарды аткаруу үчүн Ош шаарынын мэриясы шаардын бардык тургундары,коноктору үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана жагымдуу шаар болушу үчүн системалуу жана максаттуу иш алып барып жатат. Бул максаттарга жетүүгө бийлик органдары менен шаар тургундарынын аракеттерин бир багытка буруу менен гана жетүүгө болот. Ош шаарынын мэриясы шаар тургундары менен конструктивдүү диалогко эле даяр болбостон шаарды өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоого калктын катышуусуна шарт түзүп жатат.
2014-жылы «Түштүк борбордун потенциалы-шаардыктардын жыргалчылыгы үчүн» аталышындагы Ош шаарын 2014-2017-жылдарда өнүктүрүү программасы Ош шаардык Кеңеш тарабынан жарандардын катышуусу менен өткөн коомдук угуулардан кийин кабыл алынган. үч жылда пландуу иш алып баруу менен программанын көп иш-чаралары аткарылды. Ош шаары өнүгүү жолуна кадам таштап, Кыргызстандагы эң таза, жашыл жана гүлдөгөн шаарга айланды. Бирок, алдыда аткара турган жумуштар көп.
Ош шаарынын мэриясы тарабынан иштелип чыккан «Ош шаары-өнүккөн ордо калаа» Ош шаарын 2016-2020-жылдарда өнүктүрүү программасы шаарды модернизациялоо боюнча жыйналган тажрыйбаны, пландарды, шаардын тургундарынын мүдөө-талаптарын эске алуу менен шаарды мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын камтыйт.