Редакцияот 21.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык Кеңешинин V шайланган кезексиз XХVI отуруму

 

2016-жылдын 21-апрели № 26/3

“Бикипинг” жоопкерчилиги чектелген коому 2016-жылдын март айында №1 лицензиясынын негизинде Ленин айыл аймагындагы көмүр кенин чалгындоого №1 лицензия келишиминдеги жумуштарды аткарууга макулдук берүү жөнүндө

“Бикипинг” жоопкерчилиги чектелген коому 2016-жылдын март айында №1 лицензиянын негизинде Ленин айыл аймагындагы көмүр кенин чалгындоого №1 лицензия келишиминдеги жумуштарды аткарууга макулдук берүү боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Исираиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,

Ленин айылдык Кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Бикипинг” жоопкерчилиги чектелген коому 2016-жылдын март айында №1 лицензиянын негизинде Ленин айыл аймагындагы көмүр кенин чалгындоого №1 лицензия келишиминдеги жумуштарды аткарууга макулдук берилбесин жана элдик жыйында чечилсин.(билдирүү тиркелет.)

2. Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду айылынын тургундарына көмүр кенин чалгындоо жумуштарына уруксат берүү боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин жер жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Исираиловко милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Жоробеков

 

Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Исираиловдон

Билдирүү

Урматтуу депутаттар! Ленин айыл өкмөтүнө “Бикипинг” жоопкерчилги чектелген коому 2016-жылдын март айында №1 лицензиясынын негизинде Ленин айыл аймагындагы көмүр кенин чалгындоого №1 лицензия келишиминдеги жумуштарды аткарууга макулдук берүү катын жана Согонду айылынын аксакалдарынын кайрылуу катын сиздердин карооңуздарга сунуш кылам.