Редакцияот 10.12.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын8-январында каттоодон өткөн. Каттоо номери 4-09 Бишкек шаары2008-жылдын 10-декабры № 45/10        КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ         Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 19-сентябрындагы     № 42/4 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин      Улуттук банк аркылуу жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүүнүн     тартиби жөнүндө" жобонун жањы редакциясы тууралуу" токтомуна           өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө      Улуттук банк Башкармасынын  2007-жылдын  19-сентябрындагы,  КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 556 "Кыргыз Рес-публикасынын  мамлекеттик  баалуу  кагаздарын   чыгаруу,   жайгаштыруу,жүгүртүү жана төлөө жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна,  ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Кыргыз  Республикасынын  Улуттук  банкы жөнүндө"  Мыйзамынын  7 жана 43-статьяларына ылайык келтирилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына  векселдерин  Улуттук  банк  аркылуу жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" жобонун жањы редакциясы тууралуу" № 42/4 токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөрдүн  жана толуктоолордун долбоорун карап көрүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:     1. Улуттук  банк  Башкармасы  тарабынан 2007-жылдын 19-сентябрындакабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын26-октябрында  102-07  номеринде  каттоодон  өткөртүлгөн N 42/4 "КыргызРеспубликасынын мамлекеттик казына  векселдерин  Улуттук  банк  аркылуужайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" жобонун жањы ре-дакциясы тууралуу" токтомго сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.     2. Акчакредиттик операциялар башкармалыгы Юридикалык  бөлүм  мененбирдикте  бул  токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Рес-публикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.     3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттиккаттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.     4. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып, Улуттук банк Башкарма-сынын 1996-жылдын 6-июнундагы № 20/2 "МКВларды Улуттук банк аркылуу же-ке  адамдарга  атаандашсыз  сатуунун  тартибин бекитүү жөнүндө" токтомукүчүн жоготту деп таанылсын.     5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-ялангандыгы)  тууралуу  Юридикалык  бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилетминистрлигине маалымдасын.     6. Ушул  токтомдун  аткарылышына контролдук Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкынын Төрагасынын орунбасары Абдыбалы тегин Суеркул  мырзагажүктөлсүн.      Кыргыз Республикасынын Улуттук     Банк башкармасынын төрагасы                       М.Алапаев                                                Кыргыз Республикасынын                                            Улуттук банк Башкармасынын                                            2008-жылдын 10-декабрындагы                                               № 45/10 токтому менен                                                    бекитилген    @1     Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 19-сентябрындагы     № 42/4 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин      Улуттук банк аркылуу жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүүнүн     тартиби жөнүндө" жобонун жањы редакциясы тууралуу" токтомуна                     ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР      Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынган,  Кыргыз Республи-касынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 26-октябрында 102-07 номерин-де каттоодон өткөртүлгөн № 42/4 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ка-зына  векселдерин  Улуттук  банк  аркылуу  жайгаштыруу  боюнча  аукционөткөрүүнүн  тартиби  жөнүндө" жобонун жањы редакциясы тууралуу" токтомуменен бекитилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдеринУлуттук  банк  аркылуу  жайгаштыруу  боюнча  аукцион өткөрүүнүн тартибижөнүндө" жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:     1. Жобонун  "Терминдер  жана  аныктамалар"  деп  аталган бөлүгүнүн3-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:     "МКВ -  кыска мөөнөттүү,  пайызсыз (дисконттук) мамлекеттик баалуукагаз (жүгүртүү мөөнөтү 1 айдан 12  айга  чейин,  жетиге  бөлүнгөн,  28күндөн  1 айга чейин жана 364 күндөн 12 айга чейин) Бир МКВнын номинал-дык наркы 100 сомго барабар.     2. Жобонун  "Терминдер  жана  аныктамалар"  деп  аталган бөлүгүнүн8-абзацындагы "финансы-кредит мекемеси ("ЭСК" ААКсы) деген сөздөр  алы-нып салынсын.     3. Жобонун "Терминдер  жана  аныктамалар"  деп  аталган  бөлүгүнүн9-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:     "Аукциондун тике катышуучусу - биринчилик дилер Улуттук банк  жанаУлуттук банк менен ал аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаз-дар рыногунда иш алып баруу үчүн тиешелүү келишим түзүшкөн Кыргыз  Рес-публикасынын  Социалдык  фонду жана Кыргыз Республикасынын Депозиттердикоргоо боюнча Агенттиги".     4. Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:     "1.1. Бул  Жобо  Кыргыз  Республикасынын  "Кыргыз  РеспубликасынынУлуттук  банкы  жөнүндө"  мыйзамына,  Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн2008-жылдын 2-октябрындагы № 556 токтомуна ылайык иштелип  чыккан  жанаКыргыз  Республикасынын  Улуттук  банкы  тарабынан биринчилик рыногундаКыргыз Республикасынын казына векселдеринин жайгаштырылышынын  (сатылы-шынын) тартибин аныктайт".     5. Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.2-пунктундагы "2006-жылдын 12-декабрында-гы  № 845" деген сөздөр "2008-жылдын 2-октябрындагы № 556" деген сөздөрменен алмаштырылсын.     6. Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:     "1.8. Аукцион Эмитент тарабынан төмөнкү учурларда өткөрүлбөгөн, алэми эмиссия жайгаштырылбаган катары таанылышы мүмкүн:     - аукционго катышуучулардын саны үчтөн аз болуп калса;     - кабыл алынган билдирмелердин орточо алынган кирешелүүлүгү мурда-гы аукциондо түптөлгөн орточо салмактанып алынган кирешеден  15%  ашканболсо".     7. Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:     "1.9. Эмитент жарыяланган эмиссиянын көлөмүн төмөнкү чектерде кыс-картууга же көбөйтүүгө укуктуу:     - билдирмелерди  максималдуу  канааттандыруу МКВны чыгаруу көлөмүн25% арттыруу менен чектелет;     - билдирмелерди  минималдуу  канааттандыруу  МКВны чыгаруу көлөмүн25% төмөндөтүү менен чектелет".     8. Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:     "1.10. Эмитент эмиссиянын жарыяланган көлөмүнөн үстөк МКВны кошум-ча  (аукциондон  тышкары) жайгаштырууну жүзөгө ашырууга укуктуу.  МКВныкошумча (аукциондон  тышкары)  жайгаштыруу  тартиби  Эмитент  тарабынанУлуттук банк менен биргелешип аныкталат".     9. Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:     "1.11. Өткөрүлгөн  аукциондо  МКВнын  жарыяланган чыгарылышы толукэмес жайгаштырылган учурда,  Эмитент чыгарылыштын жарыяланган көлөмүнүнжайгаштырылбаган бөлүгүн кийинки аукционго,  алдыда турган тоорукта чы-гарылыштын мурда жарыяланган көлөмүн өткөрүлгөн тоорукта жайгаштырылба-ган эмиссия көлөмүнө көбөйтүү аркылуу кайрадан сунуштоого укуктуу".     10. Жобонун  1-бөлүгүнүн  1.11-пункту  жана  1.12-пункттары,  тие-шелүүлүгүнө жараша 1.12 жана 1.13 пункттар деп эсептелинсин.     11. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.7-пункт төмөнкү мазмундагы сүйлөм  менентолукталсын:     "Биринчилик дилер атаандаша албаган сунушу  менен  өз  билдирмесинбере албайт".