Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-июну № 143
2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Чүй облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сокулук, Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитүү жөнүндө
2017-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-мартындагы № 59 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка, Орок, Жайыл районунун Полтавка, Красный Восток айылдык кеңештеринин депутаттарын кезектеги шайлоо жана 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 74 Жарлыгы менен дайындалган Сокулук районунун Фрунзе, Кызыл-Туу, Жайыл районунун Сосновка айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.
Сокулук районунун Ново-Павловка айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Ново-Павловка айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 5 шайлоо округ жана 7 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 11088ди түзүп, анын ичинен 3541 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 31,94% түзөт.
Сокулук районунун Орок айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Орок айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 3 шайлоо округ жана 4 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 5833тү түзүп, анын ичинен 2642 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 45,29% түзөт.
Сокулук районунун Фрунзе айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Фрунзе айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 3 шайлоо округ жана 4 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 4854тү түзүп, анын ичинен 2347 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 48,35% түзөт.
Сокулук районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Кызыл-Туу айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 3 шайлоо округ жана 3 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 5136ны түзүп, анын ичинен 2150 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 41,86% түзөт.
Жайыл районунун Полтавка айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Полтавка айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 4 шайлоо округ жана 4 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 3366ны түзүп, анын ичинен 1580 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 46,94% түзөт.
Жайыл районунун Красный Восток айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11ди түзөт. Красный Восток айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 2 шайлоо округ жана 2 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 2519ду түзүп, анын ичинен 1219 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 48,39% түзөт.
Жайыл районунун Сосновка айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11ди түзөт. Сосновка айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 2 шайлоо округ жана 2 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 3186ны түзүп, анын ичинен 1175 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 36,88% түзөт.
Сокулук районунун Ново-Павловка, Орок, Фрунзе, Кызыл-Туу, Жайыл районунун Полтавка, Красный-Восток, Сосновка айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сокулук, Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 2-июнундагы протоколу бекитилсин (1-тиркеме).
1-тиркемени тиркелген файлдан караңыз.
2. Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 2-июнундагы протоколу бекитилсин (2-тиркеме).
2-тиркемени тиркелген файлдан караңыз.
3. Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 2-июнундагы протоколу бекитилсин (3-тиркеме).
3-тиркемени тиркелген файлдан караңыз.
4. Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 2-июнундагы протоколдору бекитилсин (4-тиркеме).
4-тиркемени тиркелген файлдан караңыз.
5. Чүй облусунун Жайыл районунун Полтавка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 2-июнундагы протоколу бекитилсин (5-тиркеме).
5-тиркемени тиркелген файлдан караңыз.
6. Чүй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 2-июнундагы протоколу бекитилсин (6-тиркеме).
6-тиркемени тиркелген файлдан караңыз.
7. Чүй облусунун Жайыл районунун Сосновка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 2-июнундагы протоколу бекитилсин (7-тиркеме).
7-тиркемени тиркелген файлдан караңыз.
8. Бул токтомдун көчүрмөсү Сокулук, Жайыл аймактык шайлоо комиссияларына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.
9. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-июнундагы № 143 токтомуна 1-тиркеме
|
2017-жылдын 28-май
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО
Чуй облусу, Сокулук району, Ново-Павловка айылы
(облустун, райондун, аймактын аталышы)
НОВО-ПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ П Р О Т О К О Л
Ново-Павловка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо:
I. 2017-жылдын 28-майындагы Ново-Павловка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп табылсын (Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор жана жыйынды таблицалар тиркелет).
II. Ново-Павловка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленди жана №1, 2, 3, 4, 5 таблицалар түрүндө сунушталат.
№1Таблица
5 мандаттуу №1 шайлоо округу
№
|
Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте) | Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны | |
1. | Имаратбек уулу Самат | 260 | |
2. | Байрамов Салим Исламович | 227 | |
3. | Батыров Жоодат Борисович | 202 | |
4. | Стойко Оксана Васильевна | 193 | |
5. | Омуров Орозбек Омурович | 191 | |
6. | Гафуров Анвар Катибович | 172 | |
7. | Ысакулов Залкар Максатбекович | 170 | |
8. | Абдыкулов Бек Жашасынович | 154 | |
9. | Долоталиева Асель Осунбековна | 151 | |
10. | Кочербаев Нурдин Темирбекович | 151 | |
11. | Суйналиева Гулякан Ашитовна | 151 | |
12. | Карагулов Мамытбек Садырбекович | 141 | |
13. | Алымкулов Калый Тургунович | 89 | |
14. | Жолдошбек кызы Асылкул | 79 | |
15. | Сарсенбаев Алихан Шолпанкулович | 56 | |
16. | Бакирова Джылдыз Искановна | 51 | |
17. | Сурабалдиева Алия Казыбековна | 50 | |
18. | Монгубаев Максатбек Акжолтоевич | 48 | |
19. | Харчикова Ольга Николаевна | 33 | |
20. | Эгембердиева Зулайка Мухтаровна | 14 | |
21. | Баарына каршы | 5 |