Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 49 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
2017-жылдын 15-сентябры № 452
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 16-жылдын 17-ноябрындагы № 216 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумун өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө" Жобого толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Шайлоонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын айрым категориядагы жарандарын эркин аң-сезимдүү билдирүүгө түрткү берүүчү маалыматтык камсыз кылуу, ошондой эле шайлоочуларды маалыматтык материалдар жана башка жеткиликтүү ыкмалар менен өз убагында жана анык кабарландыруу боюнча ишти уюштуруу максатында "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 20, 23-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумун өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө" жобо төмөнкү мазмундагы 7-глава менен толукталсын:
"7. Айрым категориядагы жарандарды кабарландыруу боюнча ишти уюштуруу жана
алардын арасында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби
7.1. Шайлоолорду маалыматтык камсыз кылуу өзүнө шайлоочуларды кабарландырууну, шайлоо алдындагы үгүттү камтыйт жана жарандардын эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө жана шайлоонун ачык-айкындуулугуна түрткү берет.
7.2. Шайлоочуларды кабарландыруу мамлекеттик органдарга жана шайлоо комиссияларына жүктөлөт.
7.3. Уюмдардын жана социалдык тейлөөчү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин, аскер бөлүктөрүнүн, кылмыш жасоого шектелүүчү жана айыпталуучу катары камакта кармалып турган адамдар турган мекемелердин жетекчилери аймагында аталган мекемелер жана аскер бөлүктөрү турган шайлоо комиссиялары менен биргеликте айрым категориядагы жарандарды алдыда боло турган шайлоо жана референдум жөнүндө өз убагында жана анык кабарландыруу үчүн жоопкерчилик тартат.
7.4. Социалдык тейлөөчү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин, аскер бөлүктөрүнүн, кылмыш жасоого шектелүүчү жана айыпталуучу катары камакта кармалып турган адамдар турган мекемелердин орун жайларында кабарландыруу максатында шайлоо дайындалган учурдан тартып маалыматтык материалдарды илип коюу үчүн атайын жеткиликтүү жерлер уюштурулат.
Шайлоого тийиштүү маалыматтык материалдар аталган мекемелердин жана аскер бөлүктөрүнүн жетекчилерине тийиштүү шайлоо комиссиялары тарабынан берилет.
7.5. Маалыматтык материалдардын мазмуну объективдүү, анык болууга тийиш, талапкерлердин, саясий партиялардын теңдигин бузбоого тийиш. Маалыматтык материалдарда кайсы бир талапкерге, саясий партияга, референдумдун "макул"/"каршы" тобуна артыкчылык берилбөөгө тийиш.
7.6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ар бирине, Жогорку Кеңешке же шаардык кеңешке шайлоо үчүн талапкерлердин тизмесин көрсөткөн партияларга, референдумдун "макул"/"каршы" топторуна социалдык тейлөөчү жана саламаттыкты сактоо мекемелериндеги, аскер бөлүктөрүндөгү жарандар арасында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тең шарттары камсыз кылынат.