Бишкек шаары2008-жылдын 19-февралы КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН ЧЕЧИМИ "Кыргыз Республикасынын бейтарап соттору жөнүндө" Мыйзамдын 28-бе-ренеси жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөржай палатасынын алдындагыЭл аралык бейтарап сотунун 15-февраль 2006-жылдагы чечими менен белги-ленген укук колдонуу тажрыйбасы Конституцияга ылайык эмес жана КыргызРеспубликасынын
Конституциясынын 15-беренесинин 4-пунктуна, 17, 18-бе-ренелерине жана 88-беренесинин 5-пунктуна карама-каршы келет деп табуужөнүндөгү жаран Чынара Сагынбековна Асаналиеванын өтүнүчү боюнча. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту төрагалык кылуучу Төра-ганын орунбасары А.А. Суталинов, судьялар - А.А.Абдугапаров, А.С.Кенен-сариев, Ч.Ж.Курбанова, О.Ж.Мамыров, С.К.Сыдыкова жана Ж.Ж.Тогойбаевдер-дин курамында, соттук жыйналыштын катчысы Ж.М.Абдылдаеванын, тараптар: 18-февраль2008-жылдагы ишеним каттын негизинде аракеттенген жаран Ч.С.Асаналиева-нын өкүлү - Осмонов Догдурбек Мырзакматовичтин, Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин Төрагасы кол койгон 21-январь 2008-жылдагы ишенимкаттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининөкүлү - Жусупов Медер Кењешовичтин катышуулары менен, Кыргыз Республи-касынын
Конституциясынын 85-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Консти-туциялык соту жөнүндө"
Мыйзамдын 13-беренесин жана "Кыргыз Республика-сынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө"
Мыйзамдын 11-беренесин же-текчиликке алып, ачык соттук жыйналышта жаран Ч.С.Асаналиеванын "КыргызРеспубликасынын бейтарап соттору жөнүндө" Мыйзамдын 28-беренеси жанаКыргыз Республикасынын Соода-өнөржай палатасынын алдындагы Эл аралыкбейтарап сотунун 15-февраль 2006-жылдагы чечими менен белгиленген укукколдонуу тажрыйбасы Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасы-нын
Конститутциясынын 15-беренесинин 4-пунктуна, 17, 18-беренелерине,88-беренесинин 5-пунктуна карама-каршы келет деп табуу жөнүндөгү өтүнү-чүн карады. Судья О.Ж.Мамыровдун баяндамасын, жаран Ч.С.Асаналиеванын өкүлүД.М.Осмоновдун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин өкүлү М.К.Жу-суповдун сөздөрүн угуп, келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, КыргызРеспубликасынын Конституциялык соту тапты: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 19-январь 2008-жылыжаран Ч.С.Асаналиевадан "Кыргыз Республикасынын бейтарап соттору жөнүн-дө" Мыйзамдын 28-беренеси жана Кыргыз Республикасынын Соода өнөржай па-латасынын алдындагы Эл аралык бейтарап сотунун 15-февраль 2006-жылдагычечими менен белгиленген укук колдонуу тажрыйбасы Конституцияга ылайыкэмес жана Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 15-беренесинин 4-пун-ктуна, 17, 18-беренелерине, 88-беренесинин 5-пунктуна карама-каршы ке-лет деп табуу жөнүндөгү өтүнүчү келип түшкөн. Өтүнүчтү негиздөөгө төмөнкү жүйөөлөр көрсөтүлгөн. Кыргыз Республи-касынын Соода-өнөржай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап сотунун15-февраль 2006-жылдагы чечими менен жаран Ч.С.Асаналиевадан"Центр-Кредит-Бизнес" микрокредиттик агенттигинин коомдук фондунун пай-дасына 478048 сом өлчөмүндөгү карыздын суммасы өндүрүлгөн жана күрөөгөкоюлган мүлктү алып коюу жүргүзүлгөн. Соттун чечими акыркы жана арызда-нууга жатпайт. Бул норма 30-июль 2002-жылдагы "Кыргыз Республикасынынбейтарап соттору жөнүндө"
Мыйзамдын 28-беренесинде бекитилген. "Кыргыз Республикасынын бейтарап соттору жөнүндө" Мыйзамдын 28-бе-ренеси белгилеген Кыргыз Республикасынын Соода-өнөржай палатасынын ал-дындагы Эл аралык бейтарап сотунун чечиминин акыркылыгы ар кимге анынукугун жана эркиндигин соттук коргоонун кепилдигин караган Кыргыз Рес-публикасынын Конституциясынын 15-беренесинин 4-пунктунун талабына,ошондой эле 17, 18-беренелердин жана 88-беренесинин 5-пунктунун талап-тарына карама-каршы келет деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 88-беренесинин 5-пунктунаылайык тараптардын соттук актыга арыздануу укугу соттук коргоого болгонконституциялык укугунун ажыратылгыс элементи. Соттук жыйналышта жаран Ч.С.Асаналиеванын өкүлү - Осмонов Д.М.өтүнүчтү колдоду жана аны канааттандырууну өтүнөт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин өкүлү Жусупов М.К. жаранЧ.С.Асаналиеванын өкүлүнүн жүйөлөрү менен макул эмес жана өтүнүчтү ка-нааттандыруусуз калтырууну сурайт. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөлөрүнталкуулап жана иштин материалдарын изилдеп, жаран Ч.С.Асаналиеванынөтүнүчү төмөндөгү негиздер менен канааттандырылуусуз калтырылууга жататдеп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 82-беренесинин 3-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын сот системасы Конституциялык соттон, Жо-горку соттон жана жергиликтүү соттордон турат. Бейтарап сот Кыргыз Рес-публикасынын сот системасына кирбейт. Конституциянын 38-беренесинеылайык жарандык укуктук мамилелеринен келип чыккан талаштарды соттонтышкары чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары бейтарап соттордууюштурууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-берене-синин 5-пунктунда каралган соттук чечимге арыздануу укугу жөнүндөгүконституциялык ченем Кыргыз Республикасынын Соода-өнөржай палатасыныналдындагы Эл аралык бейтарап сотунун чечимине таратылышы мүмкүн эмес. "Кыргыз Республикасынын бейтарап соттору жөнүндө" Мыйзамдын 1-бе-ренеси ушул Мыйзам тараптардын өз-ара келишкен макулдашуусу боюнча ганаинвестициялык талаш-тартыштарды кошуп алганда жарандардын укук жагында-гы мамилелеринен келип чыккан талаш-тартыштарды бейтарап соттун чечүү-сүнө өткөрүп берген учурда колдонулаары белгиленген. Ушул шарттан кийин Мыйзам чыгаруучу "Кыргыз Республикасынын бейта-рап соттору жөнүндө" Мыйзамдын 28-беренесинде бейтарап соттун чечимде-ринин акыркылыгын бекиткен. "Центр-Кредит-Бизнес" микрокредиттик агенттигинин коомдук фондужана жаран Ч.С.Асаналиеванын ортосунда 20-октябрь 2004-жылы түзүлгөнипотека келишиминин 3.2-пунктунда бул контракттан келип чыккан кандайгана болбосун талаштар Кыргыз Республикасынын Соода-өнөржай палатасыныналдындагы Эл аралык бейтарап сотунун кароосунда Эл аралык бейтарап со-тунун регламентине ылайык чечилээри айтылган. Бейтарап соттун чечимиакыркы жана даттанууга жатпайт. Жазылган шарттарда жаран Ч.С.Асаналиевакол койгон. Мындай жагдайларда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту"Кыргыз Республикасынын бейтарап соттору жөнүндө" Мыйзамдын 28-берене-синин Конституцияга ылайык эместиги жана Кыргыз Республикасынын Консти-туциясынын 15-беренесинин 4-пунктуна, 17, 18-беренелерине жана 88-бере-несинин 5-пунктуна карама-каршылыгы жөнүндөгү жарам Ч.С.Асаналиеванынжүйөлөрү орунсуз деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесинин 3-пунктунаылайык укук колдонуу тажрыйбасынын Конституцияга ылайык эместиги жөнүн-дөгү маселени чечүү Конституциялык соттун ыйгарым укуктарына кирбейт. Жогорудагылардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституци-ясынын 85-беренесинин 3-пунктунун 1-пунктчасын, "Кыргыз РеспубликасынынКонституциялык соту жөнүндө" Мыйзамдын 13 жана 14-беренелерин, "КыргызРеспубликасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын 10, 11,13, 14, 24, 25, 29 жана 30-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Рес-публикасынын Конституциялык соту чечти: 1. Жаран Асаналиева Чынара Сагынбековнанын "Кыргыз Республикасынынбейтарап соттору жөнүндө" Мыйзамдын 28-беренеси жана Кыргыз Республика-сынын Соода-өнөржай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап сотунун15-февраль 2006-жылдагы чечими менен белгиленген укук колдонуу тажрый-басы Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституция-сынын 15-беренесинин 4-пунктуна, 17, 18-беренелерине, 88-беренесинин5-пунктуна карама-каршы келет деп табуу жөнүндөгү өтүнүчү канааттанды-рылуусуз калтырылсын. 2. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик органдар,кызмат адамдары жана жарандар тарабынан аткарылууга жатат. 3. Чечим "Кыргыз Республикасынын "Жогорку Кењешинин Ведомосттору","Эркин Тоо", "Кыргыз Туусу" жана "Слово Кыргызстана" гезиттерине жарыя-лансын. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасынын орунбасары А.Суталинов Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Секретары А.Кененсариев