Редакцияот 30.06.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОКШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2016-жылдын 30-июну № 13/4-4

Эски имараттарды бузууга макулдук берүү жөнүндө

 

Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын башкаруучусунун 18.11.2015-ж. кириш № 323/02-01 кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак жай-коммуналдык кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 24.06.2016-ж. протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чкалов көчөсү 4 дарегиндеги, Үй-бүлөлүк жагдайдагы “Бейкут үйү” балдар үйүнүн аймагында жайгашкан эски имараттарды бузууга макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак жай-коммуналдык кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.А.Солтобаев