Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2018-жылдын 30-майы № 12/2
2018-2022-жылдарга Кербен шаарын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясы жөнүндө
Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиевдин билдирүүсүн жана шаардык Кеңештин финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 10-майындагы № 39 “2018-2022-жылдарга Кербен шаарын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясы жөнүндө” токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. 2018-2022-жылдарга Кербен шаарын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык программасы бекитилсин (тиркелет).
2. Кербен шаарынын мэриясына, 2018-2022-жылдарга Кербен шаарын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык программасынын алкагында иш-чараларды жүргүзүү тапшырылсын.
3. Кербен шаарынын мэриясы,депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды стратегиялык программага киргизсин.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |
| Тиркеме Кербен шаардык Кенешинин 30-май 2018-жылдын №12/2 токтому менен бекитилди |
2018-2022-жылдаргаКербен шаарын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык
ПРОГРАММАСЫ
Кербен шаары 2018-жыл
1 | Киришүү | 4 |
2 | Шаардын өнүгүү факторлору | 5 |
3 | Географиялык жана жаратылыштык-климаттык фактор | 5 |
4 | Ресурстук фактор: адам ресурстары | 6 |
5 | Экономикалык фактор | 6 |
6 | Билим берүү жана маданият | 7 |
7 | Спорттук фактор | 9 |
8 | Финансылык ресурстар | 10 |
9 | Шаардын өнөктөштөрү | 11 |
10 | Шаардын өнүгүүсүнүн келечектеги элеси | 11 |
11 | Шаардын өнүгүүсүндөгү артыкчылыктуу багыттар: | 12 |
| 1.Айыл чарба продуктыларын кайра иштетүү тармагын түзүү жана өнүктүрүү | 12 |
| 2.Жергиликтүү ишкерлерди колдоо жана алардын бизнес жүргүзүү потенциалын жогорулатуу
| 14 |
| 3.Шаардын инфраструктурасын түзүү жана шаардын тургундарына жашоо үчүн ынгайлуу шарттарды жаратуу
| 15 |
| 4.Спортту өнүктүрүү | 16 |
| 5.Маданият жана маданий баалуулуктарды өнүктүрүү | 16 |
12 | Бюджеттиксаясат | 17 |
13 | Мониторинг жана баалоо | 18 |
13 | Шаарды өнүктүрүү программасынын форматы | 19 |
14 | Өнүктүрүү программасынын ресурстары | 27 |
Кербен шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасы шаардын жамаатынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдыдагы 5 жылда жарандардын жашоо денгээлинин жогорулашына жетүүдөгү приоритеттүү максаттарын аныктайт. Өнүгүү программасыКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017- жылдын 31- мартындагы № 194 токтому менен бекитилген регионалдык өнүгүүКонцепциянын жоболоруна ылайык иштелип чыкты.
Программаны иштеп чыгууда Кыргыз Респуликасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору жана өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууну жөнгө салуучу методикалык мүнөздөгү колдонмолор укуктук негизин түздү.
Программаны иштеп чыгуу үчүн Кербен шаарынын мэринин буйругу менен курамы ар түрдүү катмардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн. Бул жумушчу топко мэриянын кызматкерлери, шаардык кенештин депутаттары, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү ишкерлер киришти.
Программаны иштеп чыгуу процессинде жергиликтүү ишкерлер, маданият тармагынын өкүлдөрү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелери, шаар курулуш жана муниципалдык менчик ишканалары, спорт жана жаштар өкүлдөрү, шаардын кызыкчылыгын колдогон максаттуу топтор менен талкуулар жүргүзүлдү.
Муниципалдык менчикти башкаруунун абалына жана шаардык бюджеттин абалына, шаардын социалдык-экономикалык, маданий абалынаанализ жүргүзүлдү.
Өнүгүү программасы төмөндөгү принциптерди жетекчиликке алуу менен даярдалды:
Адамдардын өнүгүүсүнө басым жасоо
Бизнести пландаштыруу принцибин колдонуу
Шаар аймактагы “өнүгүү чекити” катары
Шаар тургундарынын активдүү катышуусу