Редакцияот 29.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чолпон-Ата шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXIV кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 28-ноябры №28/34-5

Чолпон-Ата шаарындагы „Чолпон-Ата күмбөзүн“ муниципалдык менчикке өткөзүп алуу жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын «мүлккө муниципалдык менчик» жөнүндөгү мыйзамынын 5 беренесине ылайык, Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2016-жыл 28-ноябрындагы №А-294 иш кагазы, А.Акматбаевдин арызы менен таанышып чыгып, шаардык кеңеш токтом кылат:

1. Чолпон-Ата шаарындагы “Чолпон-Ата күмбөзүн” 0,385га жер тилкеси менен Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчигине өткөзүп алууга жана А.Акматбаевке 300000 сом (үч жүз миъ) акча каражаты компенсация катары төлөнүп берүүсүнө макулдук берилсин.

2. Чолпон-Ата шаарынын мэриясына “Чолпон-Ата күмбөзүн” муниципалдык менчикке өткөзүп алуу боюнча тиешелүү иштерди алып баруу жагы тапшырылсын.

3. ”Чолпон-Ата күмбөзү” тарыхый-маданий комплекс катары катталсын, ижарага берилбесин, сатыкка коюлбасын.

4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына Чолпон-Ата шаардык кеъештин 29.07.2016-жылдын №28/31-4 токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин ММКда жарыялансын.

5. Токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеъештин «Экология, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, жер, турак-жай, курулуш жана жеке ишкер боюнча» жана “Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча” туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.Иманбеков