Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-апрели №1
Бешик-Жон айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депуттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, Бешик-Жон айылдык кенешинин туруктуу комиссияларынын корутундусун угуп, Бешик-Жон айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Тиркемедеги Бешик-Жон айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2. Ушул токтом жана Бешик-Жон айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб- сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бешик-Жон айыл өкмөтү милдеттендирилсин.
4. “Бешик-Жон айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Типтүү Уставын бекитуу жөнүндөгү” Бешик-Жон айылдык кенешинин 2015 жылдын 10-февралында кабыл алынган № 1Токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бешик-Жон айылдык кенешинин Мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | А.А. Масабиров |
Бешик-Жон айылдык аймагынын
айылдык кеңешинин
2018-жылдын 4-апрелиндеги № 1
токтому менен бекитилди
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун
Бешик-Жон айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын
I. Жалпы жоболор
II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
III. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
IV. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу
V. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
VI. Корутунду жоболор
I. Жалпы жоболор
1. Жалпы жоболор
1.1. Бешик-Жон айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы - жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курултайларында талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.