Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-майы № 1
Ленин айылдык кеңешинин депутаттарынын этикалык кодексин кабыл алуу жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңешинин XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ленин айылдык кеңешинин депутаттарынын Этикалык Кодекси №1 тиркемеге ылайык кабыл алынсын.
2. Ленин айылдык кеңешинин депутаттарынын Этикалык Кодексинин, так аткарылышын камсыз кылуу бардык депутаттардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын милдеттери экендиги белгиленсин.
3. Ленин айылдык кеңешинин депутаттарынын Этикалык Кодексин Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы жоопту катчы К.Курманалиевке тапшырылсын.
4. Бул токтомду аткаруу Ленин айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына жана жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
Төрага | М. Кеңешбаев |
Ленин айылдык кеңешинин
17.05.2019-ж сессиясы
№1 токтомунун №1 тиркемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫНЫН СУЗАК РАЙОНУНДАГЫ ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢШИНИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИ
Бул Кодекс Ленин айылдык кеңешинин депутаттарына сөзсүз аткарууга милдеттүү болгон моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.
Депутаттык этика – бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүк жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы.
Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кынтыксыз кесиптик жана жарандык беделге ээ болуусу керек.
I. ЖАЛПЫ ЖОБО
1.1. Ленин айылдык кеңешинин депутаттары Ленин айыл аймагынын калкынын өкүлү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө алардын кызыкчылыктары ошондой эле социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүү максаттарын жетекчиликке алуу керек.
1.2. Депутаттар өз макамын аймактын жана алардын жашоочуларынын кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттерге жумшабаш керек.
1.3. Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Жобосуна, жергиликтүү кеңештин регламентине жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.
1.4. Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө, анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учурларда дагы, жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуу керек.
1.5. Депутаттар депутаттын жана аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аброюна шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болуш керек.
1.6. Депутаттар өзүнүн кадырын сактоо менен бирге башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын кадырын сыйлаш керек.
1.7. Депутаттар өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердүүлүккө тиешеси жок максаттарга пайдалана албайт.