Редакцияот 30.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылыш кезектеги XVI сессия

 

2019-жылдын 30-майы № 3

Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлердин курамын макулдашуу жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 24.04.2019-жылдагы №24/19-сандуу катынын негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын шайлоолорун өткөрүү үчүн Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлердин курамы № 1-тиркемеге ылайык макулдашып, КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына бекитүү үчүн жөнөтүлсүн.

2. Ушул токтом менен макулдашылган тизмени шаардык кеӊештин регламентинде көрсөтүлгөн мөөнөттө Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына жеткирүү жагы шаардык кеӊештин аппаратына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.

 

 Төрага

А.Джолдошев

Жалал-Абад шаардык кеӊешинин

30-май 2018-жылдагы

кезектеги XVI сессиясынын

3-токтомуна 1-тиркеме

Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлердин тизмеси

 

№

Аты-Жөнү

Туулган жылы

Улуту

 Билими

Иштеген жери

Кайсыл жактан көрсөтүгөн

Дареги, телефон

 

Маматов Усен Маликович

08.03.1962

Кыргыз

Жогорку

ОсОО «Адилет и К» директор

Жашоочулардын атынан

Темиржол көчөсү 191. 0555482322

 

Турдубаева Бариса Майлыевна

29.03.1962

Кыргыз

Жогорку

ЖАК директор

Жашоочулардын атынан

Олимпийская к. 74,32-БАТ 0772453696

 

Оморбеков Ооматбек Аширбекович

26.02.1978

Кыргыз

Орто

ЗАО «Оптикум-Электросвет»

Жашоочулардын атынан

Пригородный к. 0551620707

 

Наркулов Арстанбек Оросбекович

18.05.1983

Кыргыз

Жогорку

ОсОО «Гранд ЮГ Азия» директор

Жашоочулардын атынан

Тоголок-Молдо к.71 46-БАТ 0777552532

 

Кыргызбаев Бакытбек Камбарович

19.11.1979

Кыргыз

Жогорку

Соц фонд, башкы адис

Жашоочулардын атынан

Ф.Тешебаев к.18 0777488448

Жалал-Абад шаардык кеӊешинин жооптуу

Б.Беркбаева