Загрузка документа…
Жаңы-ноокат АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин 6- сессиясы (алтынчы чакырылыш)
2017-жылдын 4-марты № 1
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнү 2015-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга каралган айылдык бюджета жана 2018-2019-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени «КыргызРеспубликасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү » Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү » Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык депутаттардын Жаңы-Ноокат айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылга Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 21109,2 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2017-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгалашары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын. Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2017-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц. Фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
3. Жаны-Ннокатайыл өкмөтүнүн 2017 жылдын киреше булактарынан киреше салыгы боюнча 2268,0 мин сом, саатудан алинуучу салыктан 1300,0 мин сом бекитилген план 3568,0 мин сомга кем аткарылуусу болжолу бардыгынан жыл ичинде түзөтүүлөр жүргүзүлсүн
4.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын. Кирешенин болжолу 2018-жылга 17158,5 мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 3107,5 мин сом менен) жана 2019-жылга 16867,4 мин сомго (республикалык бюджетте налынуучу гранттар 2768,4 мин сом менен) белгиленсин. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга айылдык бюджетинин негизги Көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алуудатактоо жүргүзүү жагыбелгиленет.
5. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча
Бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.
Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык болумдорунон тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыйуу
салынсын.
6. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда КыргызРеспубликасынын «КыргызРеспубликасынын 2017-жылга республикалык бюджетте 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү » Мыйзамынын 14-беренесинин 2- пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.
7. 2017-жылдын 1-январына айылдык бюджетти боюнча жугуртулуучу кассалык накталайакча 80,0 мин сом суммасында белгиленсин.
8. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө укуктуу:
- Ушултоктомдун 1-беренесинде бекитилгенсуммалардынчегинде, эгербул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ;
- ченемдик укуктук актылардын озгөрүүсүнү негизинде жыл ичинде тактоолорду жүрүзүүгө
- киреше бөлүгүнүнбелгиленген пландан ашыкча тушкон каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;
9. 2017-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөң каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык
Кеңешке ыйгарылсын.
10. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык – экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
11. Ноокат районунун 2014-жылдагы айылдык бюджеттин киреше белугу 24381,4 мин сомго, 1 январь 2015 жылгакалдык 2793,0 менен чыгаша бөлүгү 25571,5 мин сомго же кирешенин чыгашадан 1622,9 мин сомго кем аткарылгандыгы № 4,5 тиркемеге ылайык белгиленсин.
12. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Жаңы Ноокат айылдык Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрагасы | А. Имамов |
депутаттардын Жаны Ноокат айылдык
кенешинин( 6 чакырылышы) кезектеги 6
сессиясынын № 1 токтомуна № 1 тиркеме
Жаны Ноокатайылокмотунун 2017—жылга айылдык бюджети