Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 01
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекетттик администрациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине, Таш-Булак айылдык кеңешинин Регламентине ылайык, Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоонү өткөрүү жөнүнүндөгү 2017-жылдын 25-январындагы эсептоо комиссиясынын протоколун карап чыгып, Таш-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат өрдуна шайлоо боюнча жашырын добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарүү жөнундө эсептоо комиссиясынын №2 протоколу бекитилсин.
2.Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун алган Самидинов Нурбек Жолмаматович шайланды деп эсептелсин.
Төрага | А. Самсалиев |
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ II – СЕССИЯСЫН
ПРОТОКОЛУ
Таш-Булак айылы 25-январь 2017- ж
Катышкандар:
Туркбаев Т.К.-Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысыны орунбасары.
Кыргызбаев М.О.- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы.
Токтогулов Д.- Сузак РИИБнүн жетекчиси.
Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү.
Урматтуу депутаттар!
Таш-Булак айылдык Кенешине 21 депутат шайланган. Бугунку сессияга 21 депутат катышып олтурат.
Кворум бар.
Ошондуктан бугунку сессияны ачуу боюнча кандай сунуштар бар?
Ачылсын деген депутаттар кол которуп коюштарын суранам.
Каршы, калыс?
Таш-Булак айылдык Кенешинин II-сессиясын ачык деп жарыялаймын.