Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 02
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасын шайлоону өткөрүү үчүн түзүлгөн эсептөө комиссиясынын №1-протоколун карап чыгып Таш-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Таш-Булак айылдык кенешинин төрагасын шайлоо өткөрүү үчүн түзүлгөн эсептөө комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлоо жөнүндөгү №1-протоколу бекитилсин.
Төрага | Шермат уулу Алмаз |
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ IY-СЕССИЯСЫНЫН
ПРОТОКОЛУ
Таш-Булак айылы 10-март 2017- ж
Сессияны айылдык кеңештин төрагасынын орунбасары Исаев Медер алып барды.
Урматтуу депутаттар!
Таш-Булак айылдык кеңешине 21 депутат шайланган.Бугунку сессияга 20 депутат катышып олтурат. (депутат Бурханов Захид катыша албады)
Кворум бар.
Мындан сырткары сессиясына:
1. Жолборсов Ж. - Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат
жетекчиси.
2. Кыргызбаев М.- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы.
3.Абдуллаев М- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү
4.Самидинов Н.Ж. - Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы.
катышып отурушат.
Урматтуу депутаттар сессияны ачуу боюнча кандай сунуштар бар.