Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-майы № 5
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 19.03.2018-ж. чыг.№02-03/668-катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 62-беренесинин жана туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 02.02.2010-жылдагы VIII сессиясынын №8/2-токтому жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аймактык башкарууларынын Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясына аймактык башкаруулардын иш-кагаздарын тактоо, юридикалык жак катары каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (С.Чимбердиев) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрагасынын орун басары | М. Тургунбаев |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин
28-май 2018-жылдагы кезектеги
VIII сессиясынын № 5-токтомуна
№1-тиркеме
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аймактык башкаруусу жөнүндө ЖОБОсу
Жалпы жоболор
Аталган Жобо аймактык башкаруунун ишмердигин жөнгө салуучу негизги иш кагаз болуп эсептелет.
Аймактык башкаруу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аймакта жайгашкан калктуу конуштардын, кичи райондордун жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечүү үчүн түзүлгөн уюштуруу-укуктук статусу бар муниципалдык органы.
Аймактык башкаруу өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын конституциясын, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом, буйруктарын, шаар мэриясынын Уставын, мэриянын жана кенештин токтом буйруктарын жана ушул жобону жетекчиликке алат.
Аймактык башкаруу Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында кайрадан каттоо жүргүзгөндөн баштап юридикалык жак статусуна ээ болот, оперативдик башкарууда зарыл болгон мүлкү, өз алдынча балансы каржы органдарында өздүк эсеби, бюджеттин аткарылышын камсыздоону уюштуруучу белгилүү үлгүдөгү мөөрү, штампы жана аталышы менен фирмалык бланкы бар.
- өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарын ишке ашыруусу;
-сотто доогер жана жоопкер болуусу;
-банкта өздүк эсеп ачуусу мүмкүн;
Аймактык башкаруу «мекемесинин» уюштуруу укуктук ишмердиги;
- аймактын калккына консультативдик-укуктук жардам көрсөтүү;